Экс-мерлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланууда

Бүгүн, 2-майда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана алар менен бирге айтыпталган 12 кишинин иши каралат.

30-апрелде судья Кубанычбек Касымбеков тергөө менен кызматташа турганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган “Дастан” ишканасынын мурдагы директору  Юрий Васильевдин ишин өзүнчө кароо чечимин кабыл алган. Муну А.Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев мыйзамсыз деп атады.

Ал эми эки экс-мердин иши 6-марттагы жараянга ылайык бир каралат.

Белгилей кетсек, Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу