Эксклюзив- Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова коомдук жайда сүйүшүп…

Эстрада ырчылары Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын урушуп-талашканы кайталана берип, акыры кызуу талкууланбай калган сыяктуу. Урушканы менен жарашканы тез болгон бул түгөйлөрдү социалдык тармактагы колдонуучулар эки жаат болуп бөлүнүп алып сындоодон эч чарчашпайт.

Эл көзүндө жүрүп калган Нурлан менен Асель жакында эле “Биз жакын достордонбуз. Бизди чыгармачылык гана бириктирет” деп айткандары менен жалпы кыргыз элин алдашыптыр. Муну менен биз эмнени айткыбыз келди? Жакынкы күндөрү эле Нурлан менен Асель коомдук жайларда бирге тамактанып, жетелешип дүкөн кыдырып, ал эле эмес “Ала-Тоо” ресторанына чогуу тойго барып сүйүшкөн жаштардай бири-бирин кумарлуу эркелетип жаткандарын көзүбүз илип калган эле.

Кыязы, булар кайрадан бирге окшойт. Элди алдап жашыруун кыз-жигит болууну көздөгөн бул түгөйлөр тою болгонго чейин ашмалтайлары чыгып бүтүшмөй болду. Эмне болсо да булардын мамилелери тойго жетишин тилек кылабыз!

БУЛАК: Nazarnews.kg

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу