Экономика оңолбосо үчүнчү революция күтүлөт

«Экономика көтөрүлбөсө үчүнчү революциянын болушу күтүлөт» деп Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосунан айтып чыкты. «Күзүндө парламент таратылбайт да кыскартьшбайт. Себеби, президент Сооронбай Жээнбеков парламентти таратууга кызыкдар эмес. Парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө, 2020-жылы болот. Өлкөнүн ички жана тышкы саясатын премьер-министрдин программасынын негизинде Жогорку Кеңеш бекитип берет. Ал эми өкмөт парламент бекитип берген программанын негизинде иштейт» деп белгиледи.

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу