Эки күн бою аймактарды өнүктүрүү боюнча конференция өтөт

27-28-февраль күндөрү президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясы өтөт.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. Конференцияга аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутагынын, башка мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик жана эксперттик коомчулуктун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Максаты — аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, өнүктүрүү, өлкөнүн жана кыргызстандыктардын бакубаттуулугу үчүн калктын жана мамлекеттик органдардын өз ара активдүү аракеттенишүүсү, бизнес тармагы, жарандык, эксперттик коомчулук жана эл аралык институттардын пикир алышуусу.

Иш-чарада 2018-жылдын жыйынтыгын чыгаруу, келечекте орто-узак мөөнөттөгү аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча бирдиктүү көз карашты иштеп чыгуу, экономикадагы системалуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштар жана сунуштамалар, социалдык тармакта, жергиликтүү коомчулуктун өзүн катыштыруу менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, калк турмушунун сапатын жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги милдеттерди чечүү боюнча өнөктөштөрдүн демилгелерин жана сунуштамаларын талкуулоо күтүлүүдө.

Конференциянын катышуучулары аймактарда бизнести өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгышат.

Булак: Калыс Медиа 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу