Эки генералдын тирешүүсү эмне менен аяктайт?

Ички иштер министрлигинде интрига токтобой койду. Коомдук тартипти көзөмөлдөп, укугубузду коргойт деген мекеменин өзүндө абал кырды-бычак. Коллективде иш атмосферасы жакшы эмес. Ынтымак ыдырап, эки жатка бөлүнүү тереңдеп жатканы кеп болууда. Буга министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун министр болууну кыялданган «сасык» оюндары себепкер экени айтылууда.

Башкача айтканда, министр Кашкар Жунушалиевди тоготпой, өзүм билемдик кылып, интрига менен алек болуп калганы милиция кызматкерлери тарабынан сынга алынууда. Мына жакында Баткенде «Шамбетсай» кенине байланыштуу чыккан чырда, милиция кызматкерлери кытайларды коргошуп, улгайган энелерди дыркырата сүйрөшүп, коомдун жарасын тырмады.

Мындай элдин безине тийген ишти Сүйүн Өмүрзаков атайын уюштурганы айтылып жатат. Максаты ушул иштин арты менен министр Кашкар Жунушалиевди жаманатты кылдырып, ордун ээлөө экен… Бирөөгө ор казсаң, тайыз каз дечү беле. Кашкар Жунушалиев өзүнүн натурасы башкача адам. Интригага аралашпайт, чыныгы генерал. Канчалаган тепкичти басып өттү, бирок бир жолу да интриганын кулу болгон эмес.

Сүйүн Өмүрзаков деле бир сырдуу адам көрүнөт. Кайдагы бир бузукулардын айынан милициянын ичиндеги кырды-бычак абалды курчутпай, акыл-эстери менен болуш керек эле. ИИМдин ичиндеги бөлүнүп-жарынуу, трайбалисттик, жердешчилик илдет күчөп жатканы абдан өкүнүчтүү жана коркунучтуу.

«Бийлик биз жактан» — деп эле чокчондой бербеш керек го ыя? Арыдан бери болуп, кыргыз элинин коопсуздугу менен алектенсеңер, урматтуу генералдар!

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу