Эки аял алуу көпкөндүкпү же зарылдыкпы?

Азыркы күнү эки аялы бар дегендердин коомчулукка белгилүү болушу бир кездегидей сенсация деле болбой калды. Ошол алган адам деле, экинчи болуп турмушка чыккан кыз-келин деле эч кандай жаап жашырынбай калды окшойт.  Коомчулукта мындай маселеге көнө түшкөн өңдөнү. Бул маселени ачык көтөрүп чыккан коомдук ишмер Марат Кайыпов туш тараптан ур токмокко кабылганын билебиз. Кийин ал өзү ачык айткандай ошол учурда эле көбөйүп калган экинчи аялдардын жана алардын балдарынын  тагдырын ойлоп маселени мыйзамдаштырганга аракет кылган экен.

Дин аалымы Чубак ажы дагы өзүнүн бул боюнча окуясы ачыкка чыгып кеткенде, далай   чоңдордун, депутаттардын экинчи аялдары менен нике кыйганын ачык айткан жери бар.

Ал эми аялдар тарабынан журналист айым Назира Бегим социалдык тармактар аркылуу эки аял алуу маселесин колдоп, кыз-келиндердин соккусуна дуушар болду.

Мына ушундай маселелердин баардыгы бул проблеманы жаап-жашырбай коомчулук кеңири талкууга алуу зарылдыгын дагы ачык  көрсөтүп турат.

Биринчи тарабы, экинчи аял алгандардын көпчүлүгү же колунда барлар же бийлиги чөндор. Алар чамасы чак көпчүлүктүн кыжырын кайнатаары турган маселе.

Экинчи тарабы, ар түрдүү себептерден улам турмушка чыгаар убактысы өтүп кеткен жана күйөөсү менен ажырашып бой жүргөн келиндердин саны күн санап өсүп жатканы байкалууда.

Үчүнчү тарабы, кыргыздын бир топ алдыңкы катардагы кыздары, билимдүү-илимдүүлөрү, бой келбети дагы келишкендери чет өлкөлүктөр менен турмуш куруп кетип жаткандары ачык фактыга айланууда.  Ушундан көрө элдин санын көбөйтүүчү кыздар өзүбүздүн жигиттерге экинчи болсо да тийип, улутубузду өстүрсүн дегендер да арбып кетти.

Демек бул жөн гана кирди чыкты айтыла калчу сөз эмес, улуттун келечегин аныйктай турган маселе экенин ачык сезээр убакыт келип жетти окшойт.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу