«Эжемди жылаңач видеого тартып…» Жаш жигит айылдашынын атасын коркутуп, акча талап кылган

24-апрель күнү Ноокат райондук соту опузалап талап кылуу фактысы боюнча Ядгорго (аты өзгөртүлдү, Т.Я.Р.) карата өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу — Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын 1992-жылы туулган тургуну Ядгор үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы. Убактылуу иштебейт жана мурда соттолгон эмес.
Маалыматка караганда, Ядгор ушул жылдын январь айынан баштап Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын 1961-жылы туулган тургуну Хокимжонду (аты өзгөртүлдү, И.Х.) коркутуп, опузалап жүргөн. Ал «сенин уулуң Шерзодбек (аты өзгөртүлдү) 2018-жылдын сентябрь айында Кызыл-Кыя шаарында менин эжеме мажбурлап спирт ичимдигин ичирип, аны жылаңач абалында сүрөткө тартып, тартылган сүрөттөрдү интернетке тараткан» деп Хокимжонду айыптап, андан 70 миң сом акча каражатын талап кылган.

Бирок атайын тергөө амалдарынын алкагында ушул жылдын 5-март күнү болжол менен сат 21:00 чамасында Ядгор Хокимжондун үйүнүн жанынан 50 миң сом акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Аталган факты Жазык кодесинин 203-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Опузалап талап кылуу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотто Ядгор күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, чөнтөк телефонуна WhatsApp аркылуу кошунасы Абухамиттен (аты өзгөртүлдү, А.) бир видео келген. Ал видеодо Ядгор бир тууган эжесинин жылаңач отурганын көргөн. Ядгор жини менен видеого тарткан баланы издеп, бирок ал Россияга кетип калганын билген. Андан кийин ал баланын атасы Хокимжонго барып, «Россияга барып келдим, балаңыз эжемден акча уурдап алган» деп Хокимжонду опузалап, Россияга барып келген жол чыгымын жана уулу эжесинен уурдап алган акчаны төлөп берүүсүн талап кыла баштаган. Хомитжондун уулу ошол учурда Россияда болгон.

Бирок Ядгор камакка алынгандан кийин кылган ишине өкүнүп, Хомитжондон кечирим сураган жана алган акчаларын кайра кайтарып берген.

Жабырлануучу Хомитжон дагы тосмо арыз жазып берип, соттон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартууну суранган. Хомитжондун айтымында, Ядгор «жаштык кылып койдум» деп кечирим сураган жана алар өз ара келишип, Ядгор келтирилген зыянды толугу менен кайтарып берген.

Сотто мамлекеттик айыптоочу жана Ядгордун жактоочусу дагы эки тарап элдешкенине байланыштуу кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартууну суранышкан.
Анын жыйынтыгында сот Жазык кодексинин 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Жабырлануучу менен макулдашууга жетишкенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде Ядгорду камактан бошотуп, иш өндүрүштөн кыскартылган.

Булак:АКИпресс.орг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу