Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «Сооронбай Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз болсо, Ельцин Владимир Путинди талапкер кылып алып чыкканда, анын рейтинги 2 гана пайыз болчу»

— Эдил мырза, кытайлык кыргыздарга карата кытай бийлиги тарабынан жасалып жаткан күч колдонууга каршы мамлекеттик деңгээлдеги жардам менен кол суна алабызбы?

— Кытай менен каалаган маселе боюнча тууганча сүйлөшө алабыз. Жалгыз гана маселе, биз аларды беттен алып, башкаларга жакшы көрүнөбүз десек, же аларга акыл үйрөтчүдөй болсок, кытайлар ошону кечиришпейт. Коңшу болгон соң биздин тынчсыздануубузду алар туура эле түшүнөт. Карыз боюнча болбогон эле маселе. Кытайга АКШ үч триллион доллар карыз. Кеп анда эмес. Башка маселе боюнча деле биз эл аралык чөйрөдө кызыкпасак, ушул кандаштарга болуша албасак — ​анда мамлекеттүүлүгүбүздүн мааниси эмнеде? Тек гана шарт Кытай тарапка сылык мамиле менен кошунача ишенимдүү айтышыбыз керек. Бул дипломатияны эң жогорку кылдаттык менен жүргүзүү абзел. Коомчулукка башкача, мамлекеттен тышкары жеткирүү зарыл. Биз үн катабыз. Бирок, ошол эле учурда жалпы кытай элине, Пекиндеги жетекчиликке сөз тийгизүү туура эмес. Кээ бирөөлөр ошол кытай элине же арабызда жүргөн кытай конокторго кандайдыр
бир коркутууларды же мыйзамсыз иштерди жасай турган болсо, толук жазаланышы керек.

— Атамбаев “Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз болчу, мен көтөрдүм” дегенди
айтып догурунганын токтотпой келет. Дүйнөлүк практикада мураскоруна догурунган
ушундай саясатчыны атай аласызбы?

— ”Кара кассанын” чатагы бул толугу менен Атамбаевдин жоопкерчилиги. Мына, жалгыз жетишкендиги “таза шайлоону өткөздүм” деп айта алчу. Көрсө анысы да булганган экен. Акчаны ташыган өзүнүн шоопуру Икрам, эбегейсиз суммаларды бир сап менен эле коротуп, санап таркаткан эски секретарша-кассири Надира, дагы бир вазири Фарид штабды жетектеген. Буга ким күнөөлүү? Бул баягы кыргызда “кыз боозуп, энесин
коркутат” дегенди элестетет. Анысын эми эмне чубап, кимди күнөөлөгөн атат? “Сооронбай Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз болгон” деп аны жаман көрсөтүп жатат. Алмазбек Шаршеновичке айтып койгулачы, Ельцин Владимир Путинди талапкер кылып алып чыкканда, анын рейтинги 2 гана пайыз болчу. Кеп анда эмес экенин Алмазбек Шаршенович качан түшүнөт болду экен? Путин рейтинги эки пайыз болсо дагы баары бир жеңип чыгып, азыркы Россиянын гана эмес, жалпы дүйнөнүн эң улуу лидери боло алды го. Эмне болсо дагы азыркы Кыргызстандын легитимдүү башчысы Сооронбай Жээнбеков. Анын бийлиги 2023-жылга чейин бекем. “Тизмегейт” сыяктуу кайсы бир компроматтары ага зыян келтирбейт, кайра эле Атамбаевдин өзүнүн былыктарын чыгарып, өзүн жаман көрсөтүп атат.

Суроо салган: Т.Токтоболотов

Булак: “Жаңы”ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу