Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Манас Арабаевдин жүздөгөн киши өлтүргөнгө тете айыбы бар”

«Келме кезек» деп ушуну айтат. Таба эмес, тобоо. Бирок, Атамбаевдин бийлигинин тушунда сот тармагын мыкчып, каалаганча калчаган, айрыкча саясатчыларга, оппозиция лидерлерине карата сот өкүмдөрүн чыгарууда түздөн-түз көрсөтмө берген, кийлигишкен «серый кардинал» президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев деген бар эле. Мына ушул адамдын өзүнүн тагдыры бүгүн соттордун колуна түшүп отурат. 2-июнда «коррупция» боюнча кармалган, баш коргоо чарасы каралып, бир айга УКМКнын тергөө абагына камалды. Анын баш коргоо чарасын караган сотко алып келгенде, сырттагы эл аны наалат менен тосуп алышты. Ал эми отурум бүтүп, чыгып баратканда, сырттагы бир аял аны сумка менен башка чаап жибергенге үлгүрдү. Арабаев болсо үн катпай, журналисттердин суроолоруна да жооп бергенге жараган жок. Унаага жете берген тушта, аны артынан жумуртка менен чабышты. Мынчалык үн-сөздөн, өзүнүн кармалышы боюнча комментарий бергенден калган Арабаев эмне үчүн эми гана кармалып, камакка алынышы айрымдарга суроо болууда. Анткени, ал былтыр май айында «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген негизде жумуштан бошотулган. Мунун алдында «Арабаев сот тармагына, судьялардын чечимдерине жана кадр саясатына кийлигишет» деген мазмундагы доомат-сын күчөгөн эле. Атайын кызмат Арабаев тууралуу учкай маалымат таратып, ал «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынганы айтылууда.

– Эдил мырза, Атамбаев бийлигинин тушунда эл оозунда айтылып, соттордун жүрөк үшүн алган Манас Арабаев кызматтан алынганына бир жыл болсо да, эми гана кармалып отурат. Сиздин оюңузча, эмнеге азыр кармалып жатат? Ага карата дооматтар мурдатан эле айтылып келатпайбы…

– Былтыр март-апрель айларында Манас Арабаевдин жоопкерчиликке тартылышын, камалышын талап кылып чыкканбыз. Атамбаевдин эң коррупцияланган, Конституцияга каршы келген сот чечимдерин чыгарткан, керек болсо өкүмдөрдү жазып, бир канча резонанстуу соттук иштердин артында ушул адам турган. Узурпациянын бирден-бир белгиси – бул сот чечимдерине түздөн-түз кийлигишүү. Биз айтып келатабыз, Бакиев доорунда да Атамбаевдин доорундагыдай камалгандардын армиясы мынчалык чоң болгон эмес. Ошонун баарын мыйзамга каршы келсе да, кара күчкө салып, соттордун арты менен баарын кылган «диспетчер» Манас Арабаев болгон.

– Ал инвесторлордун мүлкүн тартып алууга байланыштуу кармалган болушу мүмкүндүгү айтылып жатат…

– Саясый чечимдер бир эле жагы. Андан тышкары, бизнес чөйрөсүнө кийлигишип, «Акүй чечти», «президент минтти», «президенттин позициясы мындай» демиш болуп, президенттин атын сатып, жүздөгөн сот иштерине кийлигишкенин укканбыз. Былтыр апрелдеби, майдабы, Карганбек Самаковдун иши боюнча пара алып, аз эле жерден кармалып кала жаздап, бир нерсени сезип, Акүйдөн качып чыккан. Ошондон кийин жумушка барбай койгон. Ошол маалда аны «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген негизде жумуштан бошотушкан. Бул жагынан Жээнбековго баа бериш керек. Бирок, ошондон кийин да камалбай жүрдү. Жайында жарандык коом менен жолугушуп жатканда, президент Манас Арабаевдин атын 3-4 жолу атады. Мен анда чыдабай кетип, «эмнеге аны камабай жатасыңар, эмнени күтүп атасыңар?» деп суроо салсам, «камаганга жүйөлүү негиз болуш керек» дешкен. Мына эми негиз түзүлүп жатат. Алдыда соту болот.

– Арабаевдин арты менен мурунку бийликтин тушундагы дагы башка соттор да жоопко тартылабы?

– Адам баласынын киши өлтүргөнү өтө оор кылмыш. Жалпы мамлекеттүүлүктү, акыйкаттыкты, соттун адилеттигине кийлигишкендик жүздөгөн кишини өлтүргөнгө барабар. Манас Арабаевдин ишинде сөзсүз түрдө ондогон судьялар суракка тартылат, көрсөтмө беришет. Резонанстуу ишке айланышы керек. Анткени, качып жүрүшкөн соттордун ага байланышы бар. Ага кандай дооматтар коюлат, кандай беренелер менен жоопкерчиликке тартылат, байкай туралы.

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу