Эдил Байсалов: «Атамбаев кырк күндүн ичинде партиядан ажыратылат»

— Иса Өмүркулов “КСДП Атамбаевсиз” деген ураандын үстүндө иштеп жаткан топту кабыл алгандан кийин аны партиядан чыгаруу аракети болдубу? Же ага чейин эле Өмүркуловдон кутулууну Атамбаев ойлоп жүргөнбү?

— «Өмүркуловду партиядан чыгардым» дегенин Атамбаевдин акыры айнып калганы деп кабыл алышыбыз керек. Бул агония! КСДП партиясы Жогорку Кеңеште болобу, Бишкек шаардыктабы, башка жер-жерлердеби жаздан бери Атамбаевдин «Форумдан» берген буйруктарын аткарбаганына бир канча жолу күбө болбодукпу. Анан кайсы партиясынан чыгарат экен Өмүркуловду? Тескерисинче, Атамбаев азыр партиянын сыртында калганын көрүп турабыз го.

— «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймыл Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышын тааныбасын айтып жатышат го. Алар таанып, тааныбаганда не өзгөрөт?

— Башкалар унчукпай, моюн ийип турганда, Сагынбек Абдрахманов жетектеген эски партиячылдардын тобу суурулуп чыгып, «Атамбаевдин партияны жетектөөгө укугу жок» деп чыгышты. Бара-бара баардык жергиликтүү баштапкы уюмдарды өзүнө тарта алышты. Мүчөлөрдүн массасы азыр мына ошол кыймылдын тарабында. Керек болсо эртең КСДП башына ким келет, ким кирбейт, суроолорду чече турчу ошол топ. Моралдык укук да ал тарапта. Партиянын массалык мүчөлөрү дагы ошолор. Ошондуктан аларды “игнор” кылууга болбой калганда, анан аргасыздан жолукту да Өмүркулов. Эмнеге жолукпасын? Абдрахмановдун бүгүнкү билдирүүсү эң туура.

Атамбаевдин чечимдерин азыркы күнү Карамушкина менен Ниязов гана тааныйт. Өмүркулов деле бүгүн «мен бул чечимди тааныбайм, баш ийбейм» деп чечкиндүү чыгып, ишеним каттар менен өткөзүлгөн саясий кеңештин жыйындары жараксыз деп чыкса болмок. Айрымдар Иса Өмүркулов ушул нерсени күтүп жаткан, ал партиядан чыгарганын чымын чаккандай да көрбөсүн айтышууда. Партиядан чыгуу Өмүркулов зарыгып күткөн иш эмеспи?

Албетте, чыкпайт. КСДП бул Атамбаевдин менчиги эмес. Жакында съезд өтөт. Ошол жерде бул талаш чечилет. Партия калат, Атамбаев кетет. Бул боло турган иш. Ал Карл Маркс болгон күндө дагы, партиядан жогору турбайт. Катардагы эле мүчө, кожоюн же олуя эмес.

— КСДПга Өмүркуловдун кай жагынан таасири тийиши мүмкүн? Атамбаев эми парламенттеги фракциясынан да айрылып калбайбы?

— Өмүркулов эми ачыктан эле саясий кеңешти өткөрүп, съезд чакыруу жөнүндө чечим кабыл алдырат. Ансыз деле Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында партконференциялар дапдаяр, эртең, десе эртең өтчүдөй. Атамбаевдин таламын талашкан бир дагы киши жок. Бирок съезд кадимкидей эле өткөзүлүп, кааласа өзү, Карамушкина менен Ниязовдор деле сез сүйлөсүн. Баардыгы добуш менен эле чечилет. Атамбаев ашып кетсе кырк күндүн ичинде партиядан ажыратылат. Бул эчактагы факт эми де-юре болуп, документтер менен печаттар дагы андан алынат. Агониясы ошондон. Азыр өзүнө батпай күйүп жаткан учуру да.

Суроо салган Ч.Кутманалиева 

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу