Эдил Байсалов: “Атамбаев Жээнбеков анын колундагы куурчак болбой койгонуна ич күптү кылып, жер тепкилеп атат”

Э. Байсалов: Атамбаевдин бүгүнкү “спектаклдерине” чекит коюлушу керек.

-Экс-президент А. Атамбаевдин 17-мартта Форумдун алдында Аксы окуясына арналган эскерүү ишчарасында сүйлөгөн сөздөрүнө кимдер кандай пикирлерин айтышты?

— Атамбаевдин ою, максаты боюнча, ал көшөгөнүн артында аталык катары отуруп, жалпы эл шайлаган президент анын колундагы куурчак болуп, иш жүзүндө бийликти мурдагыдай эле жүргүзө бериши керек болчу. Сапардын, Абдилдин, Индиранын колу менен өзү дайындаган “түкүрүк өкмөттү”, өзү алып келген “чимкирик парламентти” каалаганындай башкарып, калчашы керек эле. Ошол максаты ишке ашпай калып, ошол ич күптүсү үчүн кечирим сурап атат. Атамбаев ал үчүн кечирим сурабай эле койсун! Биз ал үчүн азыркы президентибизге ошол планга баш ийбей, элдин тарабына өтүп, уюшулган мафиялык, кландык бийликтин жолун улабай өз алдынча болгону үчүн ыраазы болушубуз керек. Мурдагы президентибиз жөнүндө айта турган болсок. Ал “мен келгенде мамлекет “өрттөнүп аткан болчу” деп айтып атпайбы.

Мамлекетти “өрттөгөн” ким эле? Өзү эмес беле! Апрель айында миңдеген жаштар, анын ичинде мен да “коррупцияны жок кылат экен, калыстык, адилеттүүлүктү орнотот экен”- деп Атамбаевге ишенип, ондогон адамдар өмүрлөрүн берип, Бакиевди кетирген элек. Ошондо мамлекетте “өрт” болгон. Биз ага да макул болуп, мындан аркысы жакшы болсун, коррупция токтосун, үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт коюлсун деп күткөнбүз, Атамбаевге чоң ишеним артканбыз. Аягында эмне болду? Атамбаевдин тушунда туура эмес сүйлөп, каяша айткандар, сынга алгандар саясий туткунга айланышты. Акаевдин заманында 1-2, Бакиевдин мезгилинде 3-4 болсо, Атамбаевдин учурунда ондогон адамдар камакка алынып, куугунтук көрүштү го! Өзү айтып жаткан адилетсиз сотторду убагында “мен алып келдим” деп мактанган. “Артыман куугунтук жасап атышат” деген УКМК кызматкерлерине убагында өзү батирлердин ачкычтарын тапшырган.

Алар боюнча реформаларды жүргүзбөсө, акыйкаттык системаны орнотпосо, ага ким күнөөлүү? Ошол үчүн кечирим сурабайбы? Эмне Атамбаев Апрель окуясында курман болгондорго бирден батир берип, Мискенбаевдерди чардатып, ошону менен кыргыз элинен кутулдум деп атабы? Атамбаев бийликте отурган 7 жылынын ар бир күнүнө кыргыз элинен кечирим сурашы керек! Сооронбай Жээнбеков өзүнүн бийлик жүргүзүүсүнө өзү жооп берет. Атамбаев өзүнүн кылгандары үчүн жооп берип, кечирим сурасын! Ал болгону Сооронбай Жээнбеков анын колундагы куурчагы болбой калганына ич күптү кылып, жер тепкилеп атат.

Атамбаевдин моралдык да, саясий да, Кылмышжаза кодекси боюнча да жооп берчү мезгили али алдыда. Атамбаев азыр бир гана нерсени көксөп калды. Элди бөлүп-жарып, өлкөдө дестабилдүүлүк жаратып, бийлик бир нерседен тайса, ошону өз ыңгайына пайдалануу аркылуу өзүн жакшы көрсөтүү, бийликти эл көзүнө мокочо көрсөтүү. Бирок Атамбаевдин мындай арам ойлору ишке ашпайт, элибиз акылдуу. Азыр элибизде 10 жыл мурдагыдай бөлүнүү жок, көп нерсени билип, түшүнүп калды. Атамбаевдин бүгүнкү “спектаклдерине” чекит коюлушу керек. Мындан ары андай “спектаклдер” театрларда гана коюлууга тийиш.

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу