Эдиль Байсалов: «Алмазбек Шаршенович дары болсун!»

«Кымбаттуу достор, жердештер жана жалпы эл журт!»

Силерге кайрылуумдун себеби — кечээки Атамбаевдин айткан сөздөрү түрткү болду. Мен унчукпай эле койсом — мага эмне. Азыркы күнү алыскы элчиликти жетектөөгө даярдык көрүп аткан күндөрүм. Билмексен, укмаксанга салып эле «я уеду жить в Лондон» деп кете берсем, мага бир дагы тарап капа болмок эмес. Тескерисинче, айта турган сөздөрүм кээ бирөөлөрүңөргө тийип, кайрадан эле мага ачуу сөздөр айтыла турганын билип эле турам. Бирок, ошондой болсо дагы. Угуп коюңуздар!

Атамбаев алты жыл бийликте болсо, беш жыл эң ачуу сөздөр менен өчөшө сындадым. Мен бул позициямды кече күнү же былтыр эле азыркы бийликке жагыныш үчүн карманып баштаган жокмун. Баарыңар муну билесиңер. Көбүңөр менен ушул эле баракчамда канча алыштым. Көп учурларда мен эле анын дарегине сын айтып аткандай сезилип турду. Бирок баардыгын убагында, ал киши Ак Үйдө отурганында, бийлиги күчүндө болуп турганда бетине айттым.

Эсиңерге салып коюш керек, мен Атамбаев президенттикке көрсөткөн талапкерди шайлоодо колдогон жокмун. «Атамбаевдин жолун улайт» деген лозунгага каршы чыктым. «Ал жол туңгуюк жол. Уурулуктун, чыккынчылыктын жолу» деп айтып, башка талапкерди колдодум.

Шайлоо өттү. Мен дароо «бул шайланган президент акжолтой болсун. Баш ийели ага, колдойлу! Элдик президент болсун, бирөөнүн куурчагы эмес» деп айтып чыктым. Эмне үчүн? Анткени шайлоодо шайлангандын жеңишин таанып, ал жакпай турса дагы, аны жаңы толук кандуу бийлик катары билип, баш ийүү — бул демократиянын эң биринчи эрежеси жана шарты!

Ошондой эле болуп чыкты. Жээнбеков Сооронбайдан, кыргызча айтканда, кеткен жок. Ал шайланган күндөн баштап, Атамбаевди жакшы эле сыйлап, алдынан өтүп, кеңешип, чогуу ишти алып барайын деди. Бирок, көрсө, Атамбаев жалпы эл шайлаган президентти «колхоздун башкармасы» эле катары көрүп, аны баягы эски чабан Таштанбек Акматов сыяктуу жасалма мамлекекет жетекчиси кылып, көшөгөнүн артында өзү эле колбакма премьер жана аркайсы, өзү айтмакчы, чимкириктер аркылуу баардык бийликти жүргүзүү ниети бар болгону ачыкка чыгып калды. Болгондо дагы президент Жээнбеков тынбай ал кишиге телефон чалса дагы, ага жооп бербей, кирип чыккан министр, депутат, чет өлкөлүк конокторго өлдүгүнчө жамандап, «мына баардык бийлик менин колумда» деп мактанып туруп алды. Бул, албетте, урматтуу туугандар, кадимки эле мамлекеттик төңкөрүшкө тете болуп турду. Элестетсеңиз, мыйзам менен шайланган президентти жектеп, өзүнүн мөөнөтү бүтсө дагы, өзүн Конституциядан өйдө коюп, демократиябызды — эл бийлигин тебелеп тепсеп, мафия десең мафия, аталык десең аталык болууга аракет кылды.

Бирок ал планы ишке ашкан жок. Болбогон бир Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөзгө таарынып, арданып, былтыр февраль айында колундагы гезиттер жана сайттар аркылуу жаңы эле шайланган президентти жамандап, эчтеке боло электе эле аны Бакиевдер менен салыштыра баштады. Ага деле Жээнбеков унчуккан жок.

Дагы бир жолу кайталайм: Жээнбековдон кеткен жок. Атамбаев чырдын баарын өзү баштады. Башка сөз менен дагы сындасачы. Бакиев деп айтканы ап-ачык эле «түндүк-түштүк» деген караниет чыккынчылыктын сигналын берди. Муну баарыбыз билип эле турабызго. Жалгыз үмүтү азыр бизди экиге жарып, кайрадан эле өзү сүттөн ак болуп чыга калуу. Акчасыго толтура бар.

Ошондон кийин кандай кана сөздөрдү айтпады, кандай кана кемсинтпеди, баардык жагынан асылды. Ушул күнгө чейин президент Жээнбеков жооп берген жок.

Жооп бербейт дагы.

Анткени болуп аткан маселе бул эки кишинин ортосундагы чыр эмес, туугандар!

Ошого алданбагыла. Атамбаев мунун баарын «доске Соке» менен жеке мамилесине айлантууда. Андай эмес! Бул калп.

Кеп толугу менен башкада. Алданбагыла! Алаксыбагыла! Эстүү болгула!

Атамбаев азыркы күндөрү өзүнүн бийлигинин жыйынтыгын өзү көрүп атат. Бул боткону ал өзү бышырган. Сам заварил эту кашу. Буга сиз же биз күнөөлүү эмеспиз. Кимге догурунат?

Баардыгыбыздын эсибизде бул киши канча саясий туткунду түрмөгө камаганы. Баардыгыбыздын эсибизде бул мактанып «мен соттордун баарын жаңылаттым, УКМК кызматкерлерин түздөдүм» жбус. «Акыйкаттык орноттум» — деп өзү мактанып атпады беле кайра кайра.

Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттын баарын өзү шоопуру экөө бекиткен тизмелерин. Керек болсо, бирден баарын кабыл алып чыккан. Эми мурун жакшы, азыр жаман, «чимкирик» болуп калыштыбы?

Так ушул өзү алып келген парламент Атамбаевди соттоп аткандары — бул англисче «poetic justice», орусча «ирония», кыргызча «ырас болот» деп коет.

Дары болсун, Алмазбек Шаршенович!

Анан дагы айткан сөзү «мен билбей калыптырмын, мен алданыптырмын, мен көрбөптүрмүн» деп айтканы өзгөчө кыжырды кайнатат. Бул эмне деген детские оправдания? Биздин мамлекет оюнчукпу? Эми «билбей калыптырмын» десе, биз эмнесин аяшыбыз керек? Бул акмак мамлекетке он миллиарддаган зыян алып келсе, миллиондогон кыргыздын тагдыры кесепетин көрүп, азыр ачка жер казгылап көрүнгөн жакта малай болсо, биз бул туңгуюктан тээтиги алыскы 2040-жылдарда кана чыга алсак, «мен билбептирмин» деп эле койсо, башынан сылап, «в следующий раз так не делай» деп коюшубуз керекпи?

Жок, туугандар, бул жеткен манипулятор. Баардыгын эң эле сонун билчү. Фейсбук, интернетти баарын чукулап, эмне жазылса, аны бизден эрте окуп, билип турчу. Артык баягы эски заман эмеско, падыша дервиш болуп кийинип, хансарайдан түнү чыгып, эл кандай, эмне менен жашап атканын үйрөнүш үчүн. Алдап атат! Баарын эң эле сонун билчү! 100 пайыз ишенич менен айта алам! Алданбагыла бул көк көздүн сөздөрүнө! Аны менен биз иштешип калгандар эң эле жакшы билебиз. Жеткен куу жана арам киши. Өзүн жөнөкөй, түз мүнөз, честный көрсөтөт. Андай эмес!

Бул киши өмүрүндө жакшы сөз айткан эмес кыргыз элине. Баардык жерде дайыма уруш. Майрам күндөрү да, мына видеолорду көтөрүп чыгаргыла, бир да жолу жакшы сөз уккан эмеспиз. Бирөө дайыма күнөөлүү болуп чыгыш керек. Канча жыл өтсө дагы Акаевди эстеп жүрдү, сөгүп. Ар бир сөзүндө Бакиевди каргаганын унутуп калдыкпы? Анан эле мына Отунбаева менен Текебаевтерди эмне кылды? Кетип баратканда Бабановду өлтүрткөнгө эле аз калдыго?

Буга ким күнөөлүү?

Мунун баардыгын «в полном сознании» эле кылган бул киши. Мен ошондо эле далай айткам: «бир күн келет. Аягында Атамбаев өзү жалгыз шоопур секретаршалары менен кана калат. Бирөө буга болушпайт» деп. Ошол күн мына азыр келди. Өзү алып келген Жогорку Кеңеш 100 добуш менен эң оор кылмыштарды угузду. Эмки жума экс-президенттиктен шыпырып түшө турганы анык.

Баса, өзү муруңку президенттерди эчкимден уруксат сурабай туруп эле, соттогон. Бакиевди «тээтиги бир айыл өкмөтү туура эмес 25 гектар бөлүштүрүптүр» деп күнөөлүү таап, аны 25 жылга кескен. Аны өзү билип туруп жасаган.

Андан айырмаланып, азыркы процесс кадимкидей Жогорку Кеңеш аркылуу өтүп атат. Толук кандуу импичмент катары. «Экс-президенттер абсолютный иммунитетке ээ» деп эми түштөн кийин ойгонгонун кара!

Атамбаевдин күнөөсү тоодой!

Уурдады! Жайлады! Баркты кетирди! Кул кылды! Чыккынчы болду! Сатты!

Бирок эң негизги күнөөсү мунун — Антын бузду!

Мунун аты — АНТ БУЗАР!

Президенттик антты да айтып атам. Бирок андан да күчтүүсү — бул аны бийликке алып келген шейит кеткен балдарыбыздын каны менен карганган Анты. Биз канча айттык «акыйкат орногон жок, коррупция, муруңку бийлик эле уланды, жана башка». Тилибиз тешилди. Мына азыр мунун баарын мойнуна алып атат. Өзү!

Күнөөлүү!

Мен муну сөзсүз камаш керек деген сөздөн алысмын.

Эң эле оор жазы — бул ошол экс-президенттик статустан ажыратуу.

Ошол эле жетиштүү болмок.

Бирок! Бул киши ич күйгөнүнөн мекенибизге коркунуч жаратууда. Кече күнү эле баткендикмин деп жүргөн неме, азыр кайра чүйлүк болуп калганын кара. Элибизди экиге бөлүп, бири бирибизге тукуруп атканын кечире албайбыз дагы, көз жумуп койчу маселе эмес.

«Курал жарагым бар» деп айтканы да оюнчук эмес.

Ошол үчүн кайрылып атам силерге, кыргыз жаштары! Алданбагыла буга. Колу менен кылганын, мойну менен тартуунун оордуна, Атамбаев элди бөлүп жарып, баардык маселени Жээнбеков менен жеке тирешке айлантууга кызыкдар. Бул жерде Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда эмес чыр. Бул жерде Кыргыз Эли бир тарапта. Баардыгыбыз, жалпы Мамлекетибиздин, Мыйзымыбыздын, Тагдырыбыздын тарабында бирбиз.

Ал өзү жалгыз!

Колу менен кылганын мойну менен тартсын!

Ооба, Жээнбеков жетектеген бийликтин өтө көп мүчөлүштүктөрү бар. Тилекке каршы, от ала алышкан жок. Көп жерде былтыр тутанган үмүт өчүп калгансыдай.

Бирок «Жээнбеков жаман, Атамбаев жакшы» дегениңерди, өлүп кетейин, түшүнө албай турам. Азыркы бийлик жаман болсо, ошол Атамбаевдин күнөөсү жүз эсе туура эмес жана түздөн түз чыккынчы.

«Өзүм алып келдим, өзүм кетирем» дегендерине алданбагыла. Ээрчибегиле. Ишенбегиле буга! Атамбаев азыр ичи күйгөнүнөн, арданганынан, мекенибизди өрттөп салганга дап-даяр. Мындан өткөн азыр элге душман жок! Аны ээрчигендин баары, кечээки «тапанчам бар» деген сөзүнөн кийин жанынан кетип калбасаңар — эртен толук мыйзам ирээтинде жоопкерчиликке тартыла турганыңарды эстен чыгарбагыла. Дагы бир жолу, бул оюнчук эмес элге. Атамбаевге оюнчуктур. Биз үчүн бул мамлекеттин тагдыры, азыркы бейпилдик, келечегибиз! Атамбаеву же терять нечего. Единственное его спасение — это пожар! Это война! Не поддавайтесь на его обман и сладкие слова!

Келген бийлик 2023-жылга чейин отурат. Колунан келишинче иштейт. Анан жыйынтыктап кетет. Эсеп-учотун өзүнчө берет. Ооба, билип турам. Матраимов сыяктуу фамилияларды комменттерге жаадырата эстетесиңер. Ал жөнүндө менден катуу азыркы күнгө чейин бир дагы саясатчы сөрөй ишмер айта элек. Эстетип, мага убара болбой эле коюңуздар. Мен баягы эле Байсаловмун.

Дагы бир жолу айтам: Атамбаевге алданбагыла! Алаксыбагыла! Баардыгыбыз бир! Мыйзамдын тарабында! Атамбаев мамлекетке жана тарыхка каршы! Жоопко тартылсын!

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ

Аргумент.kg
Жооп калтыруу