Эдилдин кадрлары туруктуу, Икрамдыкы ичинде ит өлгөндөрбү?

Талашка түшүп, азыр документ боюнча Сагынбек Абдрахмановго өтүп калган КСДПга кимдер гана мүчө болуп кирген жок. Башында бийликте турган Абдыганы Эркебаев баш болгон оор салмактагы саясатчылар түптөсө, Атамбаевдин колуна өткөн соң партия дегенден түшүнүгү жоктор деле биздин партия деп чуркап жүрүшпөдүбү.

Айрыкча, Атамбаев бийликте турганда бул партияга мүчө болууну каалагандар «себин» кошо көтөрүп чуркап жүрүшкөнү да чындык. Эл алдына чыгып, жүзүн ачып алган мурунку президент бийликке оппозиция болуп чыга келген соң, «себин» кошо алып келгендердин саны өтө эле суюлуп, караанын көрсөтпөй кетишти.

Атамбаев өзү жанында калган жоокерлерине «Эдил Байсаловду бекер партиядан кетирген экем. Бул менин чоң каталарымдын бири. Байсалов партиянын жооптуу катчысы болуп турган кезде партияга алып келген адамдар мени да саткан жок. Туруктуу позицияны сактап келишти. Бийликке келип, көп ишти Икрамга тапшырганым, ага ишенгеним да

өзүмдүн катачылыгым. Икрам партияга алып келген адамдардын баары мени сатып кетишти. Мен аларга ишендим эле да… Эдилди кайра партияга алып келсек жакшы болмок…» деп ичтеги сырын төккөнү чын. Муну жаңыдан эле саясий кеңештин мүчөсү болгондор айтып жатышат. Азыр Атамбаевди коргоп келаткан жалгыз кадр Карамушкинаны да Байсалов партияга алып келген экен. Эдил Байсаловдун кадыры күчтүү экенин, адам тандаганда адашпай турганын Атамбаев дагы мойнуна алыптыр.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу