Эгизбаевдин өлүмүнөн Турсунбеков кайсы бир деңгээлдеги күнөөсүн мойнуна алабы?

«Азаттыктын» кабарчысы Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатына кылмыш иши козголгону маалым эле. Эми аталган эс алуучу жайдын эки кызматкери да суралып, айыптары угузулуп атканы кабарланды. Эгерде күнөөлөрү аныкталса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Элдин баарына белгилүү болгондой, «Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековго караштуу. Учурда коомчулук деле түшүнүп турат, Чыныбай мырза пансионатындагы коопсуздукту эң ириде камсыздаш керек болчу. Эл аралык тажрыйбада, атургай биздин мыйзамдарда да каралган, эс алуучуларга талапка ылайык шарттар каралышы боюнча. Эгизбаевдин өлүмүнөн Турсунбеков кайсы бир деңгээлдеги күнөөсүн мойнуна алабы? Моралдык жагынан алганда да кыйла ыңгайсыздык жаралып турат. Иш жүзүндө карапайым кызматкерлерге кылмыш иштери козголуп, Чыныбай четте калганы кызык го?..

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу