Ыңгайсыз суроолор: Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго

– Исхак Айтибаевич, президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү саясатын колдойсузбу? Колдосоңуз, мен эмнеге камалбайм деп таң каласызбы же мага качан кезек жетет деп ийнеге отургандай көчүгүңүз бүлкүлдөп араң жүрөсүзбү? Деги эле бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн кандай баалайсыз? «Кыргызнефтигазды» Максим Бакиев экөөңөр жасалма банкрот кылып менчиктештирип алууга болгон максатыңар ишке ашпай калганга өкүнөсүзбү? Аида Салянова башкы прокурор кезинде 258 миллион сомго мамлекетти сызга отургузган деген негизде сизге кылмыш ишин козгоду эле. Сиз ошол кезде мандатыңызга калкаланып, капканга түшпөй булт бергенсиз. Эми ошол ишти кыскартып алганыңыз чынбы? Чын болсо кандай амал, айла менен кыскарттырдыңыз? Пара бердиңизби? Азыр мурунку көз жаздымда калган иштер кайра жанданып жатат. Мыйзамдын укуругу узун эмеспи, кылтакка илинип калбайсызбы? Деги эле коррупцияга шектүү адамдын Жогорку Кеңештин эң маанилүү болгон Эл аралык комитетин башкарып отурганга моралдык укугу барбы? Элдин ырыскысын жеген шылуундарга кандай жаза берсе жарашат деп эсептейсиз? Коррупционерлерди көргөндө жийиркенесизби? Ал түгүл кускуңуз келеби? Сизге президент айткан 35 коррупционердин тизмесинин арасында мен дагы болушум мүмкүнбү деген ой келеби? Акыйкаттык акыры орной турганына ишенесизби? Ишенсеңиз, абак көз алдыңызга тартылабы?..

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу