Ысык-Көл жолун оңдоо 2млрд. сомго өстү

Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолунун бүтүшү чубактын кунундай эле чубалды окшойт. Бир карасан, жумушчулары нааразы болуп, бир карасаң, жергиликтүү жашоочулар, анан эле “акча бербей жатат деп компаниянын өкүлдөрү өздөрү да нааразы. Жолду оңдоо иштери бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет. Анын айынан Темир Сариев өкмөт башы кызматынан кеткен. Укканыбызда, Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун быйыл бүткөрүү пландалып жатыптыр. Транспорт жана жолдор министрлиги билдиргендей Балыкчыдаты айланма жолго коммуникациялар менен түтүктөр орнотулуп жатканын билдирди. Трассанын курулушуна дагы кошумча 500 миллион сом керектелүүдө. Бул каражат буга чейинки долбоордо көрсөтүлгөн эмес. Жолду реконструкциялоого сарптала турган каражаттын көлөмү 8 миллиард 785 миллион сомго (алгачкы Бланда 6 миллиард 803 миллион сом болчу) өскөнүн белгилүү болду.

БУЛАК: Факты.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу