Ырыс Жоомартова актер даярдайт имиш

Кептин чынын айтыш керек. Негизинен алганда Ырыс Жоомартова деген айым өтө кыйын зайып экен. Азыркы рынок заманына туптуура келген аялзаты болду десек жаңылышпайт окшойбуз. Ал шоу-бизнес жана кино тармагында он чакты жылдан бери коммерциялык фильмдерди жаратуу менен орун очок алып калды көрүнөт.

Өлкөбүздө кино индустриясы гүлдөп өсүп  өнүгүүдө десек болот. Жакында эле бир маалымат чыкты, ага ишенсек өтүп кеткен жылы Кыргызстанда 70-80дей кино тартылыптыр. Бул биздин чакан өлкө үчүн өтө чоң цифра. Бул тармакты түшүнгөндөр фильмдерди үч категорияга бөлүп жүрүшөт.

Биринчилери: Жогорку деңгээлдеги чыныгы искусство дегенге жата турган фильмдер. Алар Эл аралык ар кандай сынак фестивальдарга катышып, байгеге ээ болушуп, өлкөнүн атын даңазалашат. Арасында жаш өсүп келе жаткан режиссерлор да бар.

Экинчи категориясы:  Орто заар фильмдер. Булардын авторлору искусство жаратууга далалаттанышат . Бирок, чама чаркы жетпегендиктен, көпчүлук учурда дурус эмес  фильмдер чыгат.

Үчүнчү категория: Коммерциялык багыттагы фильмдер. Авторлору алдына искусство чыгармасын жаратуу, эл аралык сынактарга катышып, байге алуу максаттарды койбойт. Негизги максаты: акча каражатын табуу. Мында режиссердун идеясы, философиялык ойу, актерлордун мыкты деңгээли деген түшүнүктөрү жок. Фильмдин сапатына деле көңүл бурушпайт. Сюжеттик багыттары деле татаал эмес.

Мындай фильмдер өткөн кылымдын 50-60 жылдары батыш өлкөлөрүн, өзгөчө АКШны каптаган. Азыр ошол агым он чакты жылдан бери бизге келди.  Мына ошол категориянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, биз кеп салып жаткан Ырыс Жоомартова: «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием», «Шаардык келин Шарапат 1,2», «Апа быйыл сөзсүз үйлөнөм», «Менин ырым хит болот», «Абысындар» ж.б деген сыяктуу фильмдерди тартты. Ырыс Жоомартова кино тартыш үчүн режиссерлук таланттын кереги жок, уюштуруучулук жөндөм, акча таба билүүгө шык керек экенин далилдеди. Балким ал биринчи категориядагыларга, кино тартуучулукка продюсерлик кызмат кылып берсе эл аралык деңгээлге жеткидей фильмдер тартылат беле?…

Эми бул кыйын айым актерлорду тарбиялай баштаптыр. Коммерциялык фильмдерге дагы далай белгисиз актерлор даярдалып чыгат го?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу