Ырчы Омар: “Силерге жакшы көрүнүү максат эмес!”

Ырчы Омарга турмушка чыкканда жубайы Диана Жанышова үйлөнүү үлпөтүндө мусулманча кийинип, хиджаб кийген эле. Бирок, жаштар чогуу түтүн булата баштагандан тарта Диана Жанышева жоолугун чечип, заманбап кийинип калган сүрөттөрүн инстаграм баракчасына жүктөй баштаган.

Диана айымдын жоолукту чечкени боюнча коомдо бир топ сындар айтылса, айрымдары бул анын жеке өз иши дегендер да болгон.

Бул маселе боюнча ырчы Омар өзү да пикирин бир канча жолу билдирип элдин сөз кылбашып сураны келет, ал кечээ да аягы жок терс пикирлерден улам:

“Алтындарым, сураныч жоолук жана башка темаларга асылбагылачы суранам! Бул биздин жеке ишибиз, силерге эч кандай тиешеси жок! Силерге жакшы көрүнүү дагы биздин максат эмес!”, -деген жообун узатты да пикир калтыруу бөлүмүн таптакыр өчүрүп салды.

Эскерте кетсек, Диана менен ырчы Омардын үйлөнүү үлпөтү 2017-жылдын 2-декабрда болгон. Эки жаш 2019-жылдын февралында кыздуу болушкан.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу