Ырчы Неляга «Жылдын алдыңкы айымы» ордени ыйгарылды…

Ырчы Неля Нуркулова «Жылдын алдыңкы айымы» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы Неля өзүнүн баракчасына:

«Бүгүн өзгөчө жемиштүү күн болду. Мамлекеттик расмий «Эркин Тоо»гезити «Кыргызстандын алдыңкы айымы» аттуу төш белги менен сыйлап,журт алдындагы жоопкерчилигимди алда канча жогорулатты. Роза Төрөкуловна Айтматова, СССРдин Эл артисти Кайыргул Сартбаева сындуу элибиздин сыймыктуу кыздарынын жанында өзүмдү бактылуу сезип, Жаратканга чексиз шүгүр келтирдим. Бул кичине бирок салмактуу жеништерибизге салым кошкон ар бириниздерге рахмат айтабыз. Булар бизге чыгармачыл канат байлайт!», -деп сүйүнчүлөдү

Анда, интернет колдонуучулары жакшы  калоо-тилектерин жазып калтырышууда.

БУЛАК: argument.kg

Неля Нуркулова бул тууралуу да пост жазып, элге жана наам ыйгаргандарга ыраазычылыгын билдирди.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу