Ырчы Бурул Арунова сүйүктүүсү менен баш кошту…

Кыргыз шоу дүйнөсүнө «Мендеги ыйык махабат», «Керексиң», «Өзүңө гана», «Бийге чакырам» жана башка ырлары менен таанымал болгон ырчы, музыка сабагынын мугалими Бурул Арунова турмушка чыгып, кечээ жакында үйлөнүү үлпөтү болду.

Ырчы Бурул Арунованын айтымында жолдошу Эрнис Кочкор районунун жигити.Ырчы кызга арзуусун айтып, Эрнис мырза эки жыл артынан чуркаган. Эки жаштын жылуу мамилеси акыры сүйүү менен аяктаган.

25-апрелде кыз узатуутоюу болсо, 2-майда эки жаш Бишкектеги белгилүү тойканалардын биринде үйлөнүү үлпөтү жакшы санаалаш, жакын адамдардын коштоосунда өттү.

Ал эми Бурул Арунованын атасынын аты да Эрнис, жолдошунун аты да Эрнис болгондуктан кайната менен күйөө баланын ысымдары окшош экенин кошумчалады.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу