Ырчы Бактыгүл Бадиева активдүү жашоо образында жашап жатканын жана ашыкча салмактан арылганын билдирип, окурмандарды ийгиликке жетүүгө үндөдү.
“Келгиле сүйлөшөлү. Скочтон башка колдонуп көргөн эффективный диетаңар болсо бөлүшүңүздөр. Сурагандарга- мен спорт менен машыгуу жана туура тамактануу менен 1,5 айда 7 кг арыктадым. Араң зорго. Дагы да кыялыма баратам”,-деп маалымдады Бадиева.
Эскерте кетсек, учурда ырчы 3 кызды тарбиялап жатат. Үчүнчү кызын 2018-жылы жарык дүйнөгө алып келген.
Бадыева 2012-жылы турмушка чыккан, жубайынын ысымы Алмаз. Ырчы үй-бүлөлүк жашоону тандап, кыздарын татыктуу тарбиялоодо.
БУЛАК: zaman.kg