Ырчы Анжелика Азербайжанга эмнеге барганын ачык айтты…

Таанымал ырчы Анжелика Кайратова 20 күндүн ичинде он мамлекетти кыдырып саякат жасоону максат кыларын маалымдады.

“20 күндө 10 өлкө-саякаттоо сапарым башталды. Биринчи өлкө-менин сүйгөн шаарларымдын катарын толуктаган Баку шаары. Тез убакыттын ичинде кооз шаарга айланганы менен, эли жөнөкөй жашоодо күн өткөрүп келет. 70 пайыз эркектер жумуш кылып, тейлөө кызматында иштешет.Түрк тилдүү элдин меймандостугу жана ашканасы өзгөчө жагат. Аба-ырайы +38C. Нымдуулук басым жасайт”,-деп кубанычын бөлүштү ырчы.

Эскерте кетсек, буга чейин ырчы үй-бүлөсү менен Египетте эс алган эле.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу