Ыйлоонун ден соолукка канчалык пайдасы бар?

Ыйлоо стресске пайдалуу экендигин айтып келишет. Илимий изилдөөлөр бул нерсени канчалык далил кылат?

Ушул кезге чейин ыйлоонун себептери боюнча, окумуштуулар менен жазуучулардын ортосунда талаш-тартыштар бүтпөй келет.

Мисалга, улуу жазуучу Шекспир «Генрих VI» пьесасында: ыйлоо кайгы-капанын тереңдеп кетүүсүнүн алдын алат деп жазса, Лемони Сникет «узак ыйлоонун натыйжасы сиздин абалыңызды өзгөртпөсө дагы, өзүңүздү бир аз болсо дагы жакшы сезүүгө жардам берет»,- деп айткан.

Экинчи тараптан, Дарвин көз жаш чыккан учурду көздүн айланасындагы булчуңдардын иштешине тескери таасир берген көрүнүш катары сыппаттаган. Ошол эле учуруда, ал жаш балдар ата-энесин көңүлүн бурдуруу үчүн ыйлай тургандарын моюнга алган.

Ал эми илимий изилдөөлөр боюнча, жөнөкөй ыйлоо менен пияз аарчып жаткан учурда чыккан көз жаштын чоң айырмасы бар экендиги айтылып келет. Маселен, 1981-жылы миннесоталык психиатр Уильям Фрей кайгылуу чыккан көз жашка караганда, пияз аарчып жаткан көз жашта белок көп экендигин аныктаган.

Албетте, бардыгыбыз эле кайгыдан жана кубанычтан ыйлайбыз. А бирок биз эр жеткен учурда эмне себептен ыйлагандыгыбыздын, так себеби аныкталган эмес. Бул боюнча түрдүү пикирлер айтылып келет.

Балким, биз өзүбүзгө көңүл бурдуруу, ичибиздеги букту, стрессти чыгаруу үчүн ыйлайттырбыз. Өзгөчө чоңдор өзү жалгыз бир жерде олтуруп ыйлаганды жакшы көрөт.

1986-жылдары америкалык басылмалар, бул боюнча иликтөө макаласында, 94 пайызынын авторлору ыйлоо эмоцияналдык жүктү алып салат деп белгилешкен. Анын сыңары, балким, чындап эле ыйлоо адамдагы ички буулугууну жеңилдетет деген тыянак менен жыйынтыктайбыз.

БУЛАК; zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу