Ызы-чуу түшүргөн кыргызстандык модель өлкө атынан Тайвандагы сынакка катышат

Алтынай Абдымомунова «Кыргызстан сулуусу — 2017» сулуулук конкурсуна катышып жатып, финал күнү мелдештен четтетилген болчу

 Кыргызстандык Алтынай Абдымомунова Тайванда өтүп жаткан Global Charity Queen эл аралык сулуулук сынагында өлкө намысын коргойт. Бул тууралуу конкурстун Facebook баракчасында маалымдалды.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 50 сулуу катышып жаткан конкурс 12-сентябрда башталган, 24-сентябрга чейин уланат. Конкурстун финалдык бөлүгү Тайвандын Пэнху аймагында 23-сентябрда өтөт.

Конкурс быйыл биринчи жолу провинция өкмөтүнүн колдоосу менен өтүп жатат.

Буга чейин Алтынай Абдымомунова «Кыргызстан сулуусу — 2017» сулуулук сынагына катышып жатып финалдык бөлүктүн алдында мелдештен четтетилген. Конкурстун уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы менен Абдымомунова тил табыша албай койгон. Мелдеш аяктары менен Абдымомунова жана үч катышуучу «Кыргызстан сулуусу — 2017» сулуулук конкурсунун уюштуруучуларына карата арыз жазып, милицияга кайрылган. Бирок кылмыштын белгилери болбогондуктан иш козголгон эмес.

Булак: Sputnik

Аргумент.kg
Жооп калтыруу