Ыдырыс Исаков, журналист: “Жалил Атамбаевдин арызы боюнча сот адилеттүү чечим чыгарышын күтөм”

Оштун көмүскө кожоюну аталган Жалил Атамбаев аттуу ишкер, милициянын отставкадагы полковниги кесиптешибиз, «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берип, 50 млн. сом доого жыгууга аракеттенүүдө. Ал журналистти «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген аталыштагы иликтөөсү үчүн моралдык чыгым өндүрүүнү суранган. 17-апрелде Ыдырыс Исаковдун материалы чыгып, анда жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көрсөтүүдөн кийин финполиция териштирүү баштаган. Ал арада Атамбаевдин арызы боюнча сот күнү белгиленди. Бул боюнча журналисттер коомчулугу президентти жагдайга көңүл бурууга чакырышты. Ал эми кесиптешибиз өзүнө карата берилген доо арыз жана аны сотко берген Атамбаев тууралуу эмне дейт?

– Ыдырыс, Атамбаев деген ишкер сизди сотко берди. Иликтөөңүздөн кийин ал киши менен жолуктуңузбу же сүйлөштүңүзбү? Дегеле, иш кандай болуп жатат?

– Жалил Атамбаев менен видеодо көрсөтүлгөндөй, бетме-бет жолугушуу ошол гана болгон. Ал кишини ага чейин да, андан кийин да көргөн жокмун. Телефон аркылууда сүйлөшпөдүм. Эч кандай байланышым болгон Жок. Иликтөөм боюнча сотко бериптир мени. Сот 17-майга белгиленди. Мага чакыруу келди.

– Материалыңыз чыккандан кийин телефон чалуулар же киши жиберип коркутуулар болгон жокпу?

– Жок, андай иштер болгон жок.

– Сиз иликтөөңүздө айтылгандардын баарын туура катары эсептейсизби же «ушул жери туура эмес болуп калыптыр» деп сотко бергенден кийин өкүнгөн жагдайлар чыгып жатабы?

– Баары туура, баары далилдүү фактыларга таянылган. Өзүм ынанган үчүн чыгардым.

– Сизден башка дагы эки кишини: иликтөөдө Атамбаевдин схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да беш миллион сомдон сотко берди. Алар эмне деп жатышат?

– Алар менен сүйлөштүм, биз «Атамбаев сотко бериптир» деп гана сүйлөштүк. А кандай кадамга барышат, пландары кандай экени тууралуу сүйлөшкөн жокпуз.

– Адвокат жалдадыңызбы?

– Ооба, жалдадык. Сот Ош шаардык сотунда каралат. Биз даярбыз, буюрса.

– Сот кандай чечим чыгарат деп ойлойсуз?

– Кыргызстанда салык төлөөчүлөр сотторду багып жатабыз. Айлыгы, жашап жаткан үйү, минип жүргөн машинеси да биздин эсебибизден. Кабинет, креслосун берип, «ыңгайлуу жерде иште» деп жатабыз. Эми алар таза, адилет, эл үчүн акыйкат иштөөгө тийиш. Сот болгону жатканда «мен сот болсом, адилеттүү чечим чыгарам, таза иштейм» дешет. Ошол сөздөрүн иш жүзүндө көрсөтүшсүн.

– «Азаттык» медиа борборунан да колдоо болуп жатса керек?..

– Албетте, моралдык колдор кылып жатышат. «Адвокат жагынан да жардам кылышса керек» деп отурам. Бирок, азырынча эч нерсе баштала элек да.

– Журналисттер коомчулугу сизди колдоо максатында петицияга кол чогултуп жатышат. Президетке да кайрылуу жолдошту. Өлкө башчысы көңүл бурушу керек деп эсептейсизби?

– Президент кааласа реакция кылаар, каалабаса кылбайт. Бирок, биз реакция болорунан үмүт кылабыз. Анткени, сөз эркиндиги демократиялуу өлкөдө жогору турчу маселе. Ал эми журналисттер коомчулугунун аракетин мен жаңылыктардан гана окуп, билдим. Мени менен макулдашылган иш эмес бул. Кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем. Буюрса, адилеттик жеңет деп ойлойм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу