Шыкмаматов: ЖЭБден 111 млн доллардан да көп акча уурдалган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодогу коррупциялык аракеттер боюнча иликтөөсү аягына чыкты. Анын натыйжасында Сапар Исаков баштаган бир катар мамлекет кызматкерлердин кызмат абалынан кыйнаттык менен пайдаланганы маалым болду. Мындай мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке  111 миллион АКШ долларынан ашык чыгым келтирилгени аныкталды.

2010-жылдын февраль айында Инновацияны жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиги (ЦАРИИ) “ТВЕА” компаниясынын 200 млн долларга жасай турган сунушун кабыл алган эмес. Ага сунушталган баа кымбат болгону жана техникалык мүчүлүштүктөрү байкалганы себеп болгон.

2013-жылы Сапар Исаков Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарып турган учурда бул долбоорду ишке ашырууну өз жоопкерчилигине алган. Жылуулук борборун 386 млн долларга реконструкциялоого башкы аткаруучу компания катары ТВЕАди тандап алганы маалыматта айтылат.

Бул боюнча “Күн чекит” программасында Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык аракеттерди аныктоо боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов жана “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматовменен маек курдук.

-УКМКнын тергөөсүнө таянсак, жылуулук борборун жаңылоодо 111 млн доллар мамлекетке чыгым алып келген. Бул сан канчалык реалдуу?

Шыкмаматов: -Бул маселеге биз парламентте саясий баа берип жатканда мамлекетке жолжолдуу түрдө 100-150 млн чыгым келгенин айтканбыз. Азыр мына ошол маалымат тастыкталып атат. Биз эмне үчүн мындай сумманы болжогонбуз? Анткени Максим Бакиевдин убагында макулдашылган ушул эле долбоор 150 млн долларга чечилип жатпайбы. Болгону 1 агрегат, 1 насос көбүрөөк кошулган. Ошол үчүн эле 386 млн долларга чыгып кеткен. Эми биз айткан болжолдуу маалымат документ менен тастыкталып жатат. Эми мындан ары сот ачы болуп, журналисттерди киргизиши керек. Адвокаттардын да укугу корголуп, сот адилеттүү чечим чыгаруусу шарт. Ошондо гана эле ынанат.

Нышанов: -Бирөө концертти 100 долларга, башка бирөөсү 50 миң долларга коёт. Бул чыгымды ким кандай эсептеп жатканын билбейт экенмин. Бирок ошол мезгилде шаарда окуя болгондо чыгымдар өскөн. Сөзсүз чыгым болгон. Суммасын болжолдуу да айта албайт экем.

-Бишкек жылуулук борборундагы коррупция боюнча буга чейин депутаттык комиссия да иликтөө жүргүзгөн. УКМК да тергөөсүн жыйынтыктады. Бул ишти кынтыксыз кароо үчүн дагы кошумча иликтөөлөргө муктаждык барбы?

Шыкмаматов: -Мыйзам ага жол бербейт. Негизи жургүзүлө турган процесстер мыйзамда кандай болсо, ошол тартип менен жүрүшү керек. Адвокаттарга да мүмкүнчүлүк берилип, отурумдар ачык жүрүшү керек. Текебаевди соттогондой кылып, жашырынып, элге жабык болсо, эч ким ишенбей коёт. Ушул өзү кошумча текшерүү болуп берет.

-Сапар Исаков бул иштин негизги айыпталуучусу болуп жатканы анык. Бирок КСДП партиясы жана айрымдар бийликтин бул кадамын саясий куугунтукка байланыштырууда. Сиз кандай пикирдесиз?

Шыкмаматов: -Саясий куугунтук деп башка жагдайды айтат. Эгер чын эле саясий куугунтукка кабылып жаткан болсо, анда соттон далилдесин. 111 млн доллар алганы далилденбей калса, анда куугунтук болуп калат. Жабык өтүп, далилдер каралбай калса, саясатка айланып кетүү коркунучу бар. Бүт дүйнө жүзүндөгү талап ушундай.

Нышанов: -Менин жеке пикиримде, өкмөт башчысы жана мурдагы Энергетика министри каталарды кетиришкен. Документтерге кол коюуда өтө этият болушу керек эле. Сапар Исаков боюнча эч кандай кылмыш көрбөгөм. Кийин эле тергөөдөн аныкталган болбосо, анда билбейм. Кыргызстанда саясий фигуралардын күнөөсү барын да жогун да саясий куугунтук болду дей беришет. Тергөөчү – каралоочу, адвокат – актоочу, ал эми акыркы чечимди сот чыгарат.

-111 млн АКШ доллары эбегейсиз чоң сумма. Эгерде соттук чечим бул тергөөнүн жыйынтыгын кубаттаса, ал акчаны мамлекетке кайтаруу жагы канчалык реалдуу?

Шыкмаматов: -Алардын чет өлкөгө, Москвага катып койгон мүлктөрүн алып, мамлекетке кайтарыш керек. 111 млн бирөөнүн эле чөнтөгүнө кирип кеткен жок. Ал акча кыймылсыз мүлк, ресторан, дүкөндөргө айланып, Москвада, Түркияда жана башка жактардан чыгып калышы мүмкүн. Ошону жакшылап издеш керек. Мамлекеттин иши ошол. Мен 111 млн доллар уурдалганына ишенем.

-Рахмат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу