Шумдук! Самара Каримова атайын өзүнүн атынан чайханасында «Самара» тамагын жасатууда…

Самара Каримова ырчылык менен тим болбостон өзүн актрисалык жаатта сынап, сулуулук салонун ачып, бий тобун түзүп ар тараптуу бизнес кылып келгени маалым. Бир аз убакыт мурда Каримова Ош шаарында чайхана ачканын сүйүнчүлөгөн эле. Эми ырчы айым өзүнүн аты менен өзгөчө тамак даярдалаарын айтууда.

Чайханадан жасалган тамактардын видеосун жүктөп баяндамасына:

«Самара чайханасында жаңы тамактар кошулду. Өзгөчө даамдуу тамактар 8-мартка буюрса, «Самара» фирмалык тамагыбыз чыгат», -деп жазып койду.

Көпчүлүк муну тамаша деп кабыл алып «Самараны жеп келдик деп калабызбы?», «Ошту деле Самара деп атап алыңыз да» дешсе айрымдар «тамакты адамдын аты менен атаса болмок беле?» деп таң калышты.

Самара Каримова өзү тамактын курамы кандай болоору тууралуу эч нерсе айткан жок.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу