Шоопурдун иши тергелип бүттү…

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы айтылуу шоопур Икрамжан Илмияновдун иш тергелип бүтүп сотко өткөнү айтылды. Бирок тергелип бүткөн иши боюнча материалдар менен анын жактоочусу Сергей Слесарев тааныша элек экенин маалымдады. Илмияновго “Ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча айыбы угузулган. Бул жагдайды айрымдар “шоопур” бийлик менен кызматташып жатканын, анын жазасы анчалык деле оор болбой турганын айтышууда. Кээ бир маалымат булактары Илмиянов Атамбаевге карты бир топ сырды ачкан көрсөтмө бергени боюнча жазып келишет.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу