Ширин Сарыгулова, ырчы: «Сизге ыраазычылыгымды билгизгенге жетишпей калдым Гүлбү эже»

Нукура каада салтты улай , кызды каадасы менен , чачын сары май менен майлап , каалоо тилек айтып, чачын өрүп , кулагына сөйкө тагып турмушка узатууда съемка учурунда Гулбу эжемдин каада салтты ийне жибине чейин билиши айкын көрүнүп турду. Алтыным эжем кеп — кеңешин берип «Ширинка мындай кылсаң соонун болот, туура болот, ата бабаларыбыз ушинтип колдонуп келген да», — деп насаатын айтып турду. Көп жашаган эмес , көптү көргөн , билимдин артынан түшкөн , даагы , даагы көптү билишим керек деп билгичтикке умтулган Гүлбү эжем биз билбеген көп нерсени билчү. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кылаар эле асыл жан. «Ширин эртерээк мени тартып жөнөт ээ. Ден — соолугум анча эмес «- деди эжем. — Ооба эже бир , эки саатта тартып бүтөбүз сизди эрте жонотконго аракет кылалы» — деп , анан клипмейкерге айттым «эжени жөнөтөлү батыраак»,- деп. Кайдаан, клип тартыш азап да. Саат эртен мененки 9дан түнкү 11ге чейин созулду . Баардык артисттер эрте-эрте кетип , менин көңүлүм чөгүп баштаганын байкаган кыраакы эжем , «Ширинка мен аягына чейин туруп берем , шашпай тарта бер капаланба»,- деп ооруп атканына карабай менин көңүлүмдү жайгарып, оорусун бир билгизген жок( ашказаным ооруп атат деп жаткан ) . Ошондо Гүлбү эженин кандай гана асыл адамдыгын , кеменгерлигин терең түшүндүм. Съемка учурунда «Ширин чарчап, азыр ойлонуп атасың, иш кандай болот?- деп келегой отур өз колум менен самоордон чай куйуп берейин»- деп ысык чайын куйуп берди . Ыраазымын сизге Гулбу эже 🙇‍♂️ Бирок, сиздин бизден эрте кетээриңизди билсем ошол чайды сизге мен өз колум менен куйуп бермекмин 😢мынча эрте кетээриңизди билгенимде, кап, башкача болбойт беле ыраазычылыгымды билгизе албай калдым….😢 даагы алдыда далай күн бар жакын арада эжени чайга чакыралы сүйлөшүп , сырдашып отуралы деген тилектеримди таш капты 😢. Сулуулук , кеменгерлик, илим-билим, акыл — ой, талант, актердук чеберчилик , даанышмандык сыйчылдык , назиктик , аялзатка тийешелүү сапаттын баары Гүлбү эжеме кудайдан ченебей берилген 🕊 Аялзат кандай касиетке ээ болушу керек экендигин, бул дүйнөгө бат эле келип бат эле учуп кеткен эске салып туруучу периште аккуу Гүлбү эжебизден көрсөк , тапсак , үлгү алсак болот , даагы да көп нерсени үйрөнүп билет элек аттигиниң арманда кетти бир акуу… 🕊сиз биздин эсибизде өлбөс өчпөс болуп , дайым сакталасыз эжеке»

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу