Темирлан Бекботоев: «Ширин Айтматова Раим миллиондун жугунду ичкен иттерине таланууда…»

Саясат тармагында өзүнүн оюн так, туура айтып  фейсбук баракчасында  активдүүлүгүн жоготпогон жеке ишкер, Темирлан Бекботоев Ширин Айтматова жана Раим миллион тууралуу өз оюн  төмөнкүчө жазып калтырды. Анда, «Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова коомчулук тарабынан аткезчиликке айыпталган Раим миллион тууралуу өз баракчасына пост жазып калтырган. Ал постко өтө тездик менен реакция болуп, Раимдын жугундуларын ичип жан баккандар Айтматовага оозго алгыс жаман сөздөрдү жазышууда.
Ширин Айтматова Батышта окуп, билими деңгээли, дүйнө таанымы жогору экенин ЖКда депутат болуп турганда далилдеген. Ал эми Раим ким? Саясат таануучулардын айтканына ишене турган болсок, ал ар бир келген бийлик башындагы адамдын капчыгы. Өтө коркунучтуу жана эл билбеген жол менен бажынын акчаларын кымырып келген шылуун.
Анан ошондой кишини сындап койсо, жетим жүгүрүктөрү аркылуу улуу жазуучунун кызын “шлюха” деп айттырып атканыны анын деңгээли кандай экенинен кабар берет.
Буга биз тынч калбастан сөзсүз каршылык кылып үн кошушубуз керек.
Кыргыз эли үчүн улуу жазуучу Чынгыз Айтматов ким?
Ал эми Раим миллион ким?»

Фейсбук баракчадан алынды

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу