Шек жараткан тизме керек беле бизге?

2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында жана шайлоого чейин коротулду деген каражаттардын тизмесин юрист Нурбек Токтакунов интернетке жарыялады. Ошол учурда штабды башкарган Фарид Ниязов, «Ооба, тизмедеги фамилиялар туура, бирок, мен штаб башчысы болгонум менен каражаттарга кийлигишкен эмесмин» деп боорду эзди. Эгер Фарид мырза өзү айткандай, шайлоо штабды башкарган адам катары каржы маселесине кийлигишпесе, анда ал тизмелердин туура же туура эмес экендигин каяктан билет? Бул жерден Ниязов өз сөзүнө өзү чалынды.

Эгер каржы иштерине чын эле аралашпаган болсо, бул тизмени мен да биринчи көрүп атам дейт эле го. Айтор, бул тизме күмөндүү ойлорду жаратууда. Бул боюнча дагы далай сөз болчудай. Тизмени улай карасак, Чыныбек Анарбек уулу деген жигит да оңбогондой сумманы алып турганын көрүүгө болот. Коомчулукка аты-жыты билинбеген бул Чыныбек «айтылуу» Икрам Илмияновдун жардамчысы болгонун айта кетели. Аны менен катар бул көп суммадагы каражатты ошол учурда каржы маселеси боюнча жооптуу өкүл Надира Сатыгул кызы да жакшы билген. Тиги бүйүр кызыткан тизме коомчулукка жарыяланаардан эки кун мурун Надира айым өлкөдөн чыгып кетиптир. Мындан улам шайлоодо коротулду деген каражаттардын тизмесин коомчулукка атайын план менен жарыялашканбы деген суроо туулат. План болсо, ал кимдин планы менен чыгарылды. Жана буга ким кызыкдар? Дегиле, муну жарыялагандар бул тизменин чын-бышыгын кантип тастыктап беришет?! «Экстин» аттан түшкөнү менен ээрден түшкүсү келбей» турганда, түшүнүктүү тил менен айтканда, саясаттагы тиреш курчуп турганда ушул тизменин чуусу керек беле?

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу