Шекербек Камчыбеков, айылдык кеңештин депутаты: “Кыянбек Сатыбалдиевдин орду кимдир бирөөгө керек болуп жатат”

Шекербек Камчыбек уулу Аксы районундагы депутат, таанымал активист катары билебиз. Ал, Кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин дарегине болуп жаткан каралоонун артында, анын ордун алгысы келген кызыктар күчтөр бар экенин айтты: – “Калптын казаны кайнабайт” дегендей акыркы күндөрү СМИде Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичти каралап, элге жаман көрсөтүү саясаты катуу жүрүп жатат! Тапкан шылтоолору элди айланбайт, Эл тааныбайт! Бул орун Жалал-Абад областында өз таасирин күчөтүүгө катуу аракет кылып жаткан бир кишиге керек окшойт! Мага Кыянбек Урмаматович эч ким эмес, тууганым да эмес. Калыстык үчүн айтыш керек, 2016-жылдын жаз айында Аксы районуна келип, Эл менен жолугуп бир топ маселелерди чечип кеткен. Аксы районунун Сыны айылындагы сапаты начар бүткөн спорт залды кайрадан оңдотту. Дагы айта берсе өтө көп! Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна кызыгып жаткандарга айтаарым, кызматка кантип келсең ошентип кетесиң деген сөздү унутпагыла! Эскерте кетсек, Кыянбек Сатыбалдиевди бир катар маалымат каражаттары 2 айдан бери каралап жазып келет. Алар, “Кыянбек Сатыбалдиев дипломун сатып алган”,-деп күнөөлөшкөн. Бирок, жетиштүү маалыматка таянган эмес, куру ушак менен чектелген. Экинчиси, “Кыянбек Сатыбалдиев мурда самса сатчу”,-деп мазактаган. Жакында, дагы бир гезит “Кыянбек Сатыбалдиев жаңы жылдык корпоративге кызматкерлерден акча чогултуптур”,-деген маалыматты таратты эле, ага окугандар “жаңы жылдык салтанатка элдин баары эле акча чогултат”,-деп гезитти сынга алып жатышат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу