Шашылыш БИЛДИРҮҮ — Капар Раимбеков, «Дача СУ» айылынын тургуну: “14-март күнү, Дача-СУлуктар жеринде чоң жыйын өткөрөбүз”

2017-жылдын 14-мартында, саат 10:00 дө «Дача СУ» айылынын жалпы тургундары «Акыйкатты издеп» аттуу жыйынды кырсык болгон жердин жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта NazarNews.kg маалымат агенттигине жергиликтүү тургун Капар Райымбеков билдирди.

“Буга чейин биз коомчулукка Бишкек шаарында чоң митинг өткөрөбүз деп коомчулукка маалымат таратканбыз. Тилекке каршы Бишкек мэриясы руксаат бербей койду. Кийинки мөөнөткө жылдырып руксаат алалы десек, бул бийлик шайтан оюндары башталып, элди “Көк” оюну менен алаксытты. Ал “Көк китти” сууга чөгүп өлдүбү белгисиз! Эми кайра митингке чыгалы десек эле ЖК депутатты Өмүрбек Текебаевди камап катардагы калпын баштады. Көз жашы кургай электе, Дача СУУ айылынын кырсыкка кабылганына 40 ашылыгы берилип атса, Ажобуздун аялы көңүл айтыштын ордуна Россиянын атактуу ырчысы менен концерт койду.

Кыргызстандагы ММКлар Дача СУУ айылында 427 гана үлүш жер катталгандыгы, ал жер “захват” кылынып, элдер өз алдынча үй-жай куруп алган, айыл эли эптеп оокат кылып жаткан дегендери чындыкка дал келбейт. Кооптуу делген аймакка Мамлекттик каттоо кызматы кызыл китебин берип, үй-жай курууга руксат берген. Эгер коопсуз аймак деп эсептелбесе анда бийлик “Айыл” статусун чечип берүү маселесин карап чыгып, айыл элинин көйгөйүн чечип берсин. Эмне Дача –СУУлуктар тагдырдын өгөй балдарыбызбы же Африкадан келген эмеспиз. Биздин да чындыкты айтканга акыбыз бар. Анткени КР жараныбыз. Мамлекет тарабын бөлүнгөн акча бир үй-бүлөөгө куран окутууга жетпейт. Авиакырсык боюнча Ө.Текебаевден үмүт чоң эле, тилекке каршы аны дагы камап койду, — деп билдирди жергиликтүү тургун Капар Раимбеков.

Бүгүнкү күндө Дача СУУ айылы, мурунку Су айылы жана ага катар жайгашкан 10 дача кошулгандан баштап аталган. Дачанын ар биринде 170тен 450 гө чейин жер үлүштөрү эл жашаган үйлөр курулган. Жалпы линияда 2 000 миңден ашуун түтүн жашайт. Калктын орточо саны 7 000 кишиден ашык. Мектеп курагында 1 500 бала болсо, алардын ичинен 850 окуучу 7 км алыстыктагы мектептерден билим алып келишет.

Бул жердин айыл статусу жок болгондуктан мектеп, бала бакча, ФАП курулган эмес. Калктын өтүнүчү менен айыл статусун алууга бир нече каттар жолдонуп, сүйлөшүүлөр болгону менен эч кандай маселе чечилген эмес. Анткени бул аймак жашоочулар үчүн кооптуу болуп саналган. Анткени айылдын сол тарабында  аэропорт, оң жагында 1 000 метр алыстыкта уран көмүлгөн.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 16-январында авиакырсык катталып, 30дан ашуун жарандар каза тапкан.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу