Шаршембиев Индиянын ыйык уюбу?

Кыргызстандагы уюлдук операторлорду, радиолорду жыштыктар менен камсыз кылган РПО РМТР ААКсын Бакыт Шаршембиев жетектеп турган учурда, Ысык — Ата районундагы Красная речка айылында жайгашкан радиоцехтин имаратына өрт коопсуздугуна карата иштерди жасайбыз деп «Ысык-Куль курулуш сервис» ЖЧКсына 346 миң сом которуп берген, деп жазат «Фабула» гезити.

Бирок аталган радиоцехте ал кезде өрт коопсуздугуна каршы бир дагы иш жүргүзүлгөн эмес. Тескерисинче, муну айтып чыккан кызматкерлерди четинен жумуштан себепсиз алып салышкан. Бул шектүү жагдай боюнча эмдигиче кылмыш иши козголбой жатат. Буга дейре Жогорку Кеңеште Шаршембиевге карата 9 кылмыш иши бардыгы айтылган. Эмнеге бүгүнкү күнгө чейин мыйзам чегинде жооп бербейт деген суроого жооп табылбай турат. Сыягы, премьер — министр иштен кеткенде экөөнө кабаттап иш козголот өңдөнөт…

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу