Шаршембиевдин «шагы» сынды…

«Коопсуз шаар» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жатам деп төш каккылаган Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиевдин коррупцияга байланыштуу кармалды деген маалыматтар желдей тарап барып токтоду. Бул маалыматтан соң коомчулук аны оңду-солду сөз кылып, миллиондогон акчага жасалып аткан проектиден алса алгандыр деп шектенбегендер, анан калса биздин чоңдордун кимиси гана албаптыр дегендей да түр көрсөтүштү.

Бирок, ал маалыматты «атайын таратылган калп», деп билдирди кечээ мекеменин басма сөз катчысы. Ошондой эле аталган комитет өлкө жетекчилигинин 2019-2023-жылдарга карата жарыялаган «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жаманатты кылуу аракети жүрүп жатат деп эсептешкен. Шаршембиев пара менен кармалып, бирок кайра бошотулганын өткөн дем алыш күндөрү айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан эле.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу