Шайыр Касмалиева: «Мен актрисамын, өмүргө эркеледим…»

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касмалиева өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына видео жүктөп “Жаш эмессиң деп сындагыла, бирок мен актрисамын, туура түшүнгүлө өмүргө эркеледим”,-деп жазды.

Ошондой эле ал өзү сценарийин жазган жаңы кинолору жарыкка ушул аптада чыгарын да кошумчалады.

«Биринчиси: «Сүйүүнүн беш тили 1″ экинчи кино:»Сүйүүнүн беш тили 2», үчүнчүсү: «Кан досум» аттуу кыска метраждуу тасмалар чыгат. Сценарист жана режиссер катары иштеген эмгектериме күбө болуңуздар»,-деп билдирди Касмалиева.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу