Шайыр Касмалиева: «Катуу айкырганымды угуп койгула!»

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касмалиева өзү сценарийин жазган жаңы кинолору жарыкка ушул аптада чыгарын маалымдап, сүйүнүп турганын кошумчалады.

“Катуу айкырганымды угуп койгула! @chaihanatv жамааты менен иштешкениме 8 айдын жүзү болду сценарий жазып. 8 кыскаметраждуу тасма жаралды. Баардыгы жашоодо болгон окуялар анын ичинде акыркы 3 тасманы режиссер катары да тарттым кинолордун көбүндө менден окуган таланттуу окуучуларым ойноп жатышат театрда ойноп черимди жазалбаганым кино талаасында оргуштап чыгып жатат Кудайыма мин мертебе шүгүр!”,-деп билдирди Касмалиева.

Анын айтымында, ушул аптада “Сүйүүнүн беш тили-2” деп аталган тасма көрүүчүлөргө тартууланат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу