Шайырбек Абдрахман: «Мураскер ким болот я?…Былжырак сөз мунун баары!»

Кызыкпыз. Шайлоочулук укугубуз өзүбүздүн колубузда да, моюнубузду созуп, эки жакты суроолуу карайбыз. Мураскер ким болот я? Эй бизге эмне? Мураскер-сураскери менен кандай чатагыбыз бар? Керек болсо, ошол мураскер чыгаргысы келгендер, ойлонсун, кыжаалат болуп, эл кимди жактырып, добушун кимге берип, кимди шайлат я?- дешип. Ар кимибиздин башыбыз өз ийнибизде, өз ой, өз пикирибиз бар го! Неге кылчактайбыз? Эй биз мамлекет кура алган, барыбыз бириксек бир нерсеге «жок!», же «бар!» — деп, кесе айта алган алмустактан бери тарыхта из калтыра алган, түптүүлөрдүн урпагыбыз го акыры!
Жиниң келет! Кайда барсаң, мураскер ким болот экен я? Шыбырап сурайт, жылмайып сурайт, жактырып сурайт, жактырбай сурайт, бири биринен сурайт, андан сурайт, мындан сурайт, ар ким ар кимден сурайт. Таң калам! Биз кимди шайласак ошол киши болот да! Президент деле айтып жатат кайра кайра, «көңүлүңөрдөгүнү шайлап алгыла»- деп. Кайра эле кылчактайбыз! Ким экен я?- деп.
Ойлон да чеч, шарт эткире! Болгону, кол ийрисине тартпай, биздин айылдан экен дебей, акча сурабай, жүрөгүң менен Кыргызстан үчүн, келечек үчүн, бирөөгө бер добушуңду аманат кылып! Ошондо жаңылбайбыз! Мураскер ким деп сурай бербей кечке эле!

Айтмакчы! Кошо кетейин. Бийлик, админстративдик ресурс, анан акчасы барлар өтөт, анан Путин колдогон өтөт, Меркель мындай карап койгон болот, Трамп колдогон келет. Былжырак сөз мунун баары! Кыргызстандын шайлоочулары гана шайлаган киши өтөт! Так ошол президент болот! Эгер биз жер карама болбой, акча сурап олтуруп албай, кайдыгерчилик кылбай, өз тагдырыбызды өзүбүз жакшы жакка өзгөрткүбүз келсе, өзүбүз чечишибиз керек! Анүчүн адамга болгону чечкиндүү мүнөз, терең ой, мекенчилдик жана келечекти унутпоо гана керек!

Шайырбек Абдрахман, тележурналист

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу