Шайлоодон улам Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн режимге өттү

Мындай аракет шайлоо маалында коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо үчүн жасалууда

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мындай аракеттер президенттик шайлоо маалында коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо жана ЖАМКтын бардык бөлүмчөлөрүндө туруктуулукту сактоо максатында көрүлүп жатат.

«ЖАМКтын мекемелириндеги көзөмөл өткөрүү пунктуларындагы текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Булак:Спутник 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу