Шадиев жакында өкмөттүн курамы кыскартылаарын айтты

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде  биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жакынкы убакта өкмөттө өзгөрүүлөр болуп,  олуттуу кыскартуулар болоорун айтты.

“Жакын арада өкмөттө өзгөрүүлөр болот, өкмөт кызматкерлерди кыскартууга барып, 10 пайызга кыскарат. Кыскартуулардын негизинде көп структураларда өзгөрүүлөр болуп, туризм боюнча өзүнчө агенттик түзүлөт. Анын бюджети 38 миллион сом болот. Каржы министрлиги булакты тапты. Туризмге көңүл бурууга убакыт келди”, – деди Шадиев.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулайманов, туризм тармагына жыл сайын 50 миллион сом бөлүнүшү керек, бирок ал ишке ашпай жатат деп нааразылыгын бидирди.

Шадиев депутаттын бул суроосуна жооп берип жатып, жакынкы убакытта өкмөттүн курамы 10 пайызга кыскараарын айтты.

Кыскартуулардын алкагында бир канча түзүмдөр алмашып, туризм боюнча өзүнчө агенттик ачылаарын кабарлады. Анын жылдык бюджети 38 миллион болот. Финансы министрлиги каржы булагы бар экендигин билдирүүдө.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу