Шадиев бул дүйнөнүн жазасынан кутулса дагы Кудай алдында эч кайда качып кете албасын эстей жүрсө!

Алтынбек Сулаймановдун амири, анан калың капчыктын аркасы менен «Бир Бол» партиясы аркылуу депутат болуп келген Аскарбек Шадиев деген көпөс бар. Өзүн өтө эле «важная персона» деп эсептейт. Экс-төрага Чыныбай Турсунбеков төрагалыкты өткөрүп берет дегенди уккандан кийин, түн уйкудан калып чуркады спикер болуу максаты менен. Тилекке, каршы ал орун Дастан Жумабековго буюруптур. Шадиев мырза төрага болом деп чамынгандан көрө, өткөн жашооңузга көз салып, «Эл алдында абийирим тазабы, спикер болууга моралдык укугум барбы?» – деген суроолорду өзүңүзгө берип көрсөңүз жакшы болмок. Дегенибиз, 2002-жылы болсо Үзөңгү-Кууш Кытайларга сатылып жатканда «макул» дегениңизди, 2008-жылы Каркыра жайлоосу казактарга чыркыраган бойдон кетип жатканда дагы «Ак Жол» партиясынын тапшырмасы менен «макул» деп добуш берген «жакшылыгыңызды» эл унутса дагы, тарых унутпайт Аскар Алимбекович! Кайсы бир күнү тарых алдында жооп бересиз, бул дүйнөнүн жазасынан кутулсаңыз дагы Кудай алдында эч кайда качып кете албасыңызды эстей жүрүңүз!.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу