Шадиевди Жолдубаева качырган тура

Бу Шадиев деген неме бекер качкан эмес экен. Коррупцияга күрөштүн башталышы Шадиев менен башталып, Шадиев менен эле бүтө тургандай элес калтырууда. Жумасына “жубарымбектин” колу туткактыгы боюнча маалыматтардын жаңы жагдайлары куру болбойт. Эми дагы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ага карата дагы бир кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтууда.

Кечээ ЖКнын жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов Шадиев боюнча Башкы прокуратурага материалдарды өз убагында эле бергенин, алар материалдарды бир ай кармап жатып алгандыктан Шадиев Кыргызстандан качып кетүүгө үлгүргөнүн билдирди. УКМКнын төрагасынын айтымында Аскарбек Шадиев 27-апрелге чейин эле Кыргызстанда болгонун, ал турсун Лейлекке тууганынын зыйнатына барганын да кошумчалады.

Шадиевди качып кетти деген ыкчам маалыматтар болгонуна карабай, ошол учурда ал көзөмөл өткөрүү пункттарынан өткөн эмес. ” Биз далили жок маалыматты айта алган жокпуз. Шадиев 30-апрелде Тажикстандан дипломатиялык паспорт менен Москвага учуп кеткени боюнча маалымат алдык”, — деди УКМКнын башчысы.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу