Шадиевдин мүлкү мамлекетке алынды

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин 1 млрд. сомдон ашык мүлкү алынып, мамлекеттин эсебине өткөрүлдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев  билдирди.

Анын маалыматында, Шадиев 10 жылга сыртынан соттолгон.  Ага «Кызматын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылган.

«Мен прокуратура органдарынан алынган материалдарды гана айтып жатам» , — деди ал.

Ошону менен бирге Шадиевдин иши боюнча толук маалыматты сот мекемелеринин сайтынан көрүүгө болорун кошумчалады.

Эске салсак, Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу