Шадиевдин мандаты эмнеге али алына элек?

Кылмыш кылганы аныкталып, анысын моюндагысы келбей чет өлкөгө чыга качкан депутаттар армиясы күн санап катарын калыңдатууда. Бирок, бул Кыргызстанда гана. Башка өлкөлөр эбак эле мындай игчиликти жоюп койгон. Эсеби маселен, Жогорку Кеңештин Аскарбск Шадиев деген качкын депутаты бар эмеспи. Кылмыш иши козголоору менен безип кеткен. Болгондо да аялдын кийимин кийинип, бетине паранжы жаап, чек арадан сууну жылаңайлак кечип кеткени аңыз кеп болгон. Ошондон бери дайынсыз. Айтымдарда алыскы Американын бир штатынан миллиондогон долларгаүй алганы бар. Отурукташууну көздөдүбү же мекенине келе албасын билдиби, ал жагы белгисиз. Белгилүүсү бул эргулдун негедир кайра келип ЖоКеде иштейм деген «изги» тилеги бар окшойт. Мандатын өткөрүп бере элек. Абийир, намыс деген жок экен да. Качтыңбы, ошондон ары жогол да, мандатты бер иштей турган бирөөнө.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу