Шадиевдин билдирүүсү боюнча «Бир-Бол» фракциясынын лидери үн катты

Өлкөдөн качып чет жакта жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев  фракциядан чыгуу жана мандатын тапшыруу боюнча эч кандай арыз жазып кайрылбаган билдирүүсү боюнча «Бир-Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов үн катты.

Анын айтымында, Аскарбек Шадиев ЖК менен БШКны адаштырууда.

«Ал бизге кайрылган. Анын арызынын негизинде биз Борбордук шайлоо комиссиясына  кайрылып, мандаты алынды. Фракцияда эч ким анын атынан арыз жазбайт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин мандатынан ажыратылган Аскарбек Шадиев   фракциядан чыгуу жана мандатын тапшыруу боюнча эч кандай арыз жазбаганын айткан.

Эске салсак, Шадиевке карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган.

Ошондой эле «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу