Чүкөдөй башында чөйчөктөй акылы жок болсо да…

Мандат алгандан бери эл керегине жараган канча мыйзам жаза алдыңыз?

Чүкөдөй башында чөйчөктөй акылы жок болсо да капчыгынын калыңдыгы менен парламентке келип, бир нече жылдан бери оозун чоюп жүргөн Мирлан Бакиров жарытылуу эч нерсе жасаган жок. Колунан эч нерсе келбеген соң «балык» депутаттардай болуп тынч отурбастан сороктоп чыга калып бир нерсе жасаганга аракеттенген түр көрсөтүп келет. Буга чейин болбогон бир мыйзамдарды чүргөмүш эткен, кечээ жакында ойдо жок жорукту баштап, коомчулуктун тепкисинде калды. Акылы тайкы экенин дагы бир ирет тастыктады. Ал эргул өкмөт башчы, спикер, президент болгон адамдарды жана алардын үй-бүлөсүн өмүр бою мамлекеттин камсыздоосунда болушу керек деген мыйзам долбоорун сунуштап чыкты. Бул эмне деген келесоолук. Социалдык тармактагылар «башы ордундабы?» дегенге чейин барышты. Эл алдында ит болгон Бакиров сунуштаган мыйзамын кайтарып алууга аргасыз болду. Уят эле. Карапайым элдин маселеси чечилбей жатканда спикер менен премьер-министрдин кийинки жашоосуна кам көрүп жатканы аргасыз күлкүңдү келтирет да.

—Мирлан Исакбекович, мандат алгандан бери эл керегине жараган канча мыйзам жаза алдыңыз? Спикердин бакандай орун басары болуп олтуруп тушкө чейин мыйзамды талкууга чыгарып, туштөн кийин кайра кайтарып алганыңызды көрүп баш чайкадык. Бул сиздин «чийки» саясатчы экендигиңизден кабар бербейби? Максатыңыз эмне эле?

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу