Чыңгыз Жумагуловдун тергөө абагындагы мөөнөтү эки айга узартылды

Кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун баш коргоо чарасы 10-августка чейин узартылды.

38 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүү үчүн шектүү катары быйыл 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына отургузулган болчу.

Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалап жатышат.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “уюшкан кылмышкерлерди ким ооздуктайт” деген суроого парламентте жооп берип жатып мындай топтордун мыйзамга каршы иш жасап, бирок эркиндикте жүргөн бир да мүчөсү жок экенин, андайлар ар дайым болуп келгенин жана боло берерин айткан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу