Чырлуу ТЭЦ, аягы көрүнбөгөн соттук иш…

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча соттук кароо уланууда. Иш боюнча башкы айыпталуучулардын бири, камакта отурган мурдагы премьер-министр  Сапар Исаковдун адвокаты азыркы финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны суракка чакырууну өтүндү. Сот өтүнүчтү четке какты. «Улуттук энергохолдинг » компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев да сөз алып, министрлик мурда «долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жок» деп айтканын эске салып, соттук экспертизадан кийин ал пайда болуп калганын кошумчалады. Учурда УКМКнын тергее абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер олтурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кычнаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу