Чыпалак баатыр үйлөнгөнгө “сэриозна” кыз издейт… «минэ нужна диля семя саздат…пищи минэ дэвущка ты будэщ моя жэна жэнится будэм…»

Кыргызстанга ылакап аты Чыпалак деп таанылган Зарылбек Аликенов үйлөнгөсү келгенин өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.

“Үйлөнгөнгө убактым келди демекчимин. Жалгыздыктан тажадым. Тажикстанга кетким келбей жатат таарынып дегендей. Саламатсыңарбы менин өзгөчө күйөрман сүйөрмандарым жана дүйнө жүзүндөгү бүтүндөй өзгөчө сулуу татынакай түшүнүктүү кыздар “срочно” мен силерди үй-бүлө куруу максатында издейм дегендей. “Сэриозна” мага жолуккула же жазгыла 18 жаштан 38 жашка чейинки кыздар жарайт демекчимин мага.  Өзүм жөнүндө айтсам элдин баары эле билет мени.

Мен, актер, рекордсмен, ырчы жана бир топ трюктардын образдардын авторумун. 2018-жылы “ексиклюзэвный” эң “папулярный” болуп интернет телевидение жагын эң көп жарган мен болгом. Азыр кээде образдардын үстүнөн каттуу иштеп кичине тыныгуу жагындамын эс алып дегендей. 33 жаштамын. Үйлөнгөн эмесмин, бала-чака жок дегендей. Туура жолдо жашап мени өзгөчө сүйүп, түбөлүк мени менен бактылуу болуп калам деген сулуу айымдар болсо улутуна карабай, улутума карабай баш кошуп жашаганга даяр элем. Анда эмесе “истаграм личкаман” күтөм сен силерди жазгыла э “сэриозна”. “Срочна на руско пищу расия турся карэя дэвущка минэ нужна диля семя саздат я и ты навсигда вымэстэ будем дэти будэт щастия будэт пищи минэ дэвущка ты будэщ моя жэна жэнится будэм срочна#чыпалакБаатыр#издэймСэни#уйлонгонго#кызиздэйт#18#38#чэйн”. Айымдар таанышуу үчүн “личкаман” жазгыла э күтөм мен силерди, деп жазган Чыпалак Баатыр.

Анда эмесе Чыпалак Баатырга ашыктар чамдагыла, катын ката жазса дагы, билегинде күчү, башында сайрап турган тили бар.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу