Чыныбай Турсунбеков: «Чалынып жаткан боткого аралашкым келбейт»

 Чыныбай Акунович, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгарылып, качырылышы боюнча маселе дагы көтөрүлдү. Бул иште балдар онкологу күнөөлүү делип кармалды. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

— Батукаев түрмөдөн чыккандан бери эле чуру-чуу болуп келатат. Ага болгон кыргыз элинин мамилесинен улам дагы, дегеле, Батукаев кылмышкер катары ага карата жек көрүү сезими күчтүү. Ошондон улам анын бошоп кетишине тетири реакция болуп келет. Эми ошого чекит койчу мезгил келди. Чекит коюлса, бул маселе тынчыйт да. Аны түрмөдөн чыгаргандардын күнөөлөрүн күч органдары далилдей алса, алар жазасын алышат. Эң башкысы, бул иш кайсы жерге барып токтойт, ким күнөөлүү болуп чыгат? Маселе күн тартибинде турат.

 Доктурлар күнөөлүү болуп калып жатпайбы?

— Эгерде доктурлар өздөрү бир кызыкчылык менен чыгарышкан болсо, жазасын алышсын. Бирок, аларга кимдир бирөөнун тапшырмасы болгон болсо, кимдир бирөөлөр кошулган болсо, аларга чейин жетүү аракети болот го…

 Сиздин оюңузча, азыр коррупция менен күрөш кандай болууда?

— Коррупция менен күрөш болуп эле жатат. Азыркы маселе башка. Салыктарын төлөбөй качкандар, жаап-жашыргандар жана контрабанда иштери боюнча натыйжа чыгуу өтө маанилүү. Журналист менен ишкер Атамбаевдин чуусу кайсы жакка бурулуп кетти? Көмүскө экономика менен күрөшкө, коом алдына алып чыгып жазалоого эмес, ошону жазып койгондордун тагдыры эртеңки күнү кыйынчылыкка кептелбесин… Бул бир чети күлкү келерлик, бир чети өкүнөрлүк. Анткени, журналисттер дагы, депутаттар дагы коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшкөнсүп жатабыз. А бирок, күрөшкөн кишилер проблемага кабылып, башкалар аман чыгып кетип жатканы көрүнүп калып атат го. Демек, буга күч органдары көңүл буруш керек.

 Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин юстиция министрлигине карата доо арызынканааттандырды. КСДПнын мыйзамдуулидери ким? Маселе дагы деле талашта…

— Мен азыр бул иштен четтерээк турайын… Андан башка да маанилүү маселелер көбөйүп кетти. Ошолор менен иштеп жатам. Кечке эле КСДПга алаксый берсек, иш жылбайт.

 Шайлоого КСДП менен барасызбы?

— Азыр КСДП тагдыры чечилбеген партия болуп турат. Биринчи тагдырын чечип, кимиси туура, кимиси туура эмес экенин айтып кое турган мезгил келди. Принцибинде, шайлоо жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Партиянын тагдыры чечилип, кимиси калат, кимиси четтейт, ошого жараша шайлоого ким менен барарым чечилет.

 Ага чейин четте карап турасызбы?

— Бул жагдайды силер менден жакшы түшүнүп турасыңар. Билип, түшүнүп туруп, мени отко түртүп жатасыңар. Ботко чалынып атат, мен ошол ботконун ичинде жүрбөй, сыртта тургум келет.

Булак: АЗИЯnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу